Казахские песни Узбекские песни

Песня «Татына кыз»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Экөөбүз жолукчу жер, колдүн жээги аба салкын, Күнүгүдөн баскандарың бүгүн, эртең арбын-арбын. Шашкансып толкундарды кечип өттүм, Кол сунуп жолугаарда ойго чөктүм Оюмда эч нерсе жок кучактасам Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң. Махабат бооруң ташпы, агыздыңго көздөн жашты, Бактымды кармай албай бул сүйүүдөн көңүл калды Тилеген ой бар эле дагы канча, Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча. Алтыным кош болгун деп кете бердиң Көзүмдөн акты жашым узаганча… Кызарып күн жаңыдан тоого кире баткан эле, Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле. Кааларым бакыт кушун табарыңды, Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды. Кош эми түбөлүккө бактылуу бол Унутпа сени сүйгөн адамыңды. Унутпа сен деп жүргөн адамыңды.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Жумушум бардай байкеде эле, Үйүңө барам атайын эле. Ийилип сунган чайыңды унутуп, Суктанып кечке караймын неге. Караймын неге, караймын неге, Карегим сизге кадалат жеңе. Ак сүйүү болсо, кечиктим беле, Армандуу ишке кезиктим беле. Жылмайып мени карап коййсоңуз, Сезиле берет сүйгөндөй эле. Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле, Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе. Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе, Айта алайм эми сүйүүмдү деле. Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке, Алыс жүрөйүн аттиң, ай жеңе. Аттиң, ай жеңе, аттиң, ай жеңе. Арманда сыздайм сүйбөсөңнеге. Аттиң, ай жеңе, айылдаш жеңе. Арманда сыздайм сүйбөсөң неге. Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
  • Карагаттай көздөн мөлт-мөлт жашын төккөн, Сүйгөнүнө жетпей, канча өмүр өткөн? Сени ойлоп дайым, куса болдум, айым, Кыялга батып, кыйналып жатып, Сага арнап жаздым бир обон. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым. Жашоо берген күн го, жаш өмүрүм гүл го, Жаштык өтсө сенсиз, өткөргөнүм түн го. Үмүт өчтү, үмүт, сени күтүп жүрүп, Кыялга батып, кыйналып жатып, Сага арнап жаздым бир обон. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым.
  • Өмүр менен жашымды, Арнаймын деп мен элге. Мен да жүрөм мекендин, Эң керектүү жеринде. Өтүп жаткан өмүрдү, Токтотууга ал кайда? Ага болгон кумарым, Жашарткандай ал кайра. Кайырма: Түйшүктөнүп кайра эле, Түбү бүтпөс санаамдын. Ошон үчүн тирүүмүн, Ошон үчүн адаммын. Мен өмүрдүн четинен, Кетилгенин сезгенде. Мазем кетип жанымды, Батыра албайм эч жерге… Күндөр жылат агылып, Жамгыр төгүп өткөндөй. Жашай албай сагынып, Жазды күткөн көктөмдөй. Эмне мынча кызылдап, Калуучудай кечигип? Ал ансайын четинен, Өмүр барат кетилип. Кайырма: Өнүп чыккан гүл көрдүм, Басып өткөн изимден. Муңум тарап көңүлдөн, Топук кылам ичимден. Ошон үчүн тирүүмүн, Ошон үчүн адаммын…