Казахские песни Узбекские песни

Песня «Окул ата»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Туш тарабы курчалган тоолор менен, Жайы-кышы тулаң чөбүн малдар жеген. Жаратылыш көркү сонун Токтогулдун, Элинин да, жеринин пейили кенен. Чычкан жээктеп эс алсаң жайындасы, Тамшандырат тээ Талгардын кожогаты. Түркүн кооз кубулушка таң калышып, Бир көргөндөр жергеме, бир көргөндөр Токтогулга сугун артып. Өнүп-өсүп кийинки жаш муундарың, Сыймыктантат мыкты кыз-уулдарың. Кетмен-Төбөм, кең өрөөнүм чалкып жаткан, Асыл мекен, мен да өзүңдө туулганмын.
  • Көчөлөрү ар түр жашылдан, Кере жутам таза абаңдан. Көз салсам төмөн тарапка, Көкмөк көлүң ойноп чалкыган. Кереметүү тоосу Шамшыкал Жер соорусу Арым, Итагар Капчыгай, Чычкан, Бейиш-Төр Узун-Акмат, Торкен дайралар. Кайырма: Биздин туулган жер ушул, Биз да ушул жерге уул, Акындын аты аталган жер, Токтогул. Ырчы кызы, ырчы уул, Биздин туулган жер ушул, Акындын аты аталган жер, Токтогул. Обон чыгат аска-зоосунан, Ыр татымы келет тузунан. Касиеттүү алтын бешигим, Күү угулат аккан суусунан.
  • Алтын бешигим, түшүмө кирдиң, Ансайын сага арналат сүйүүм. Ырымды сунам, сапарым улайм, Сагынып сени, элестеп улам. Анда мен бала чуркап ойногон, Андагы кыял сезим козгогон. Айлуу түн, кечтер, балалык кездер, Кусадар кылдың эсимден кетпей. Таңдын шооласы, эненин үнү, Таңкы шүүдүрүм, жоогазын гүлү. Айылдын деми, сагындым сени, Баратам сага, тосуп ал мени. Киндик кан тамган туулган жерим, Кадырыңа, эй, жетер бекенмин? Ала-Тоо — жерим, кыргызым — элим, Арча бешигим, Ата Мекеним… Кадырыңа мен жетер бекенмин? Баратам сага тосуп ал мени.