Казахские песни Узбекские песни

Песня «Токтогул»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Туш тарабы курчалган тоолор менен,
Жайы-кышы тулаң чөбүн малдар жеген.
Жаратылыш көркү сонун Токтогулдун,
Элинин да, жеринин пейили кенен.
Чычкан жээктеп эс алсаң жайындасы,
Тамшандырат тээ Талгардын кожогаты.
Түркүн кооз кубулушка таң калышып,
Бир көргөндөр жергеме, бир көргөндөр Токтогулга сугун артып.
Өнүп-өсүп кийинки жаш муундарың,
Сыймыктантат мыкты кыз-уулдарың.
Кетмен-Төбөм, кең өрөөнүм чалкып жаткан,
Асыл мекен, мен да өзүңдө туулганмын.

Другие песни исполнителя:

  • Экөөбүз жолукчу жер, колдүн жээги аба салкын, Күнүгүдөн баскандарың бүгүн, эртең арбын-арбын. Шашкансып толкундарды кечип өттүм, Кол сунуп жолугаарда ойго чөктүм Оюмда эч нерсе жок кучактасам Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң. Махабат бооруң ташпы, агыздыңго көздөн жашты, Бактымды кармай албай бул сүйүүдөн көңүл калды Тилеген ой бар эле дагы канча, Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча. Алтыным кош болгун деп кете бердиң Көзүмдөн акты жашым узаганча… Кызарып күн жаңыдан тоого кире баткан эле, Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле. Кааларым бакыт кушун табарыңды, Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды. Кош эми түбөлүккө бактылуу бол Унутпа сени сүйгөн адамыңды. Унутпа сен деп жүргөн адамыңды.
  • Жаңырган айлуу түндү жамынайын, Жол тартып мен өзүңө камынайын. Жамалың бир көрүүнү дегдеп барам, Жайдары тосуп алчы Жаңылайым. Кайырма: Жаңылайым менин жаным, ай, Агарып аткан таңым, ай. Тоодой багым ай, бактылуу болмокмун, Болсоң жарым, ай… Көзүңө карегиңе багынайын, Көрбөсөм, көргүм келип сагынайын. Көзү өтүп кетишпесин башкалардын, Көбүрөөк күлбөй жүрчү кагылайын.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Тагдыр калчап сага берген көңүлдү, Таалайымдан тартып алган өңдүүбү? Тереңине күйүп, түптөп баратам, Термеле тигилбей кара көзүңдү. Күдөр улап гүлүм, Күтпө, жаным, бүгүн. Кыйнаса да сени, Кыйбаган сүйүүм. Болсоң жары кимдин, Боздоп калам билгин. Сезим жандай түнөм, Сен менен бирмин. Көңүл көксөп сени күндө чакырды, Көтөр албай күйүт берген басымды. Көксөгөнмүн сендик ордум таба албай, Сүйүү деми мынча эрте басылды. Кайырма: Ишенбей акыры кош деген сөзгө, Ичим күйүп жаштар көлкүлдөп көзгө. Билем, жаным, менсиз таттуу турмушуң, Бийигине алып кетериң өзгө.