Казахские песни Узбекские песни

Песня «Токто гулум»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көчөлөрү ар түр жашылдан,
Кере жутам таза абаңдан.
Көз салсам төмөн тарапка,
Көкмөк көлүң ойноп чалкыган.
Кереметүү тоосу Шамшыкал
Жер соорусу Арым, Итагар
Капчыгай, Чычкан, Бейиш-Төр
Узун-Акмат, Торкен дайралар.
Кайырма:
Биздин туулган жер ушул,
Биз да ушул жерге уул,
Акындын аты аталган жер, Токтогул.
Ырчы кызы, ырчы уул,
Биздин туулган жер ушул,
Акындын аты аталган жер, Токтогул.
Обон чыгат аска-зоосунан,
Ыр татымы келет тузунан.
Касиеттүү алтын бешигим,
Күү угулат аккан суусунан.

Другие песни исполнителя:

  • Ар бириңер кымбат, асылсың, Бир туугандай жанга жакынсың. Чогулалы, майрам куралы, Сагынычтан черлер жазылсын. Кайырма: Кандайсынар, классташтарым! Ачык болсун, дайым асманың. Бала кезди эстеп алалы, Окуучулук күнүм жашагын. Жолугушуп турбай ар айда, Убакыттар учту далайга. Амандашып, барып кайталы, Кабарлашып, эже-агайга. Саламдашып, эже-агайга.
  • Алтын бешигим, түшүмө кирдиң, Ансайын сага арналат сүйүүм. Ырымды сунам, сапарым улайм, Сагынып сени, элестеп улам. Анда мен бала чуркап ойногон, Андагы кыял сезим козгогон. Айлуу түн, кечтер, балалык кездер, Кусадар кылдың эсимден кетпей. Таңдын шооласы, эненин үнү, Таңкы шүүдүрүм, жоогазын гүлү. Айылдын деми, сагындым сени, Баратам сага, тосуп ал мени. Киндик кан тамган туулган жерим, Кадырыңа, эй, жетер бекенмин? Ала-Тоо — жерим, кыргызым — элим, Арча бешигим, Ата Мекеним… Кадырыңа мен жетер бекенмин? Баратам сага тосуп ал мени.