Казахские песни Узбекские песни

Песня «Классташтарым»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ар бириңер кымбат, асылсың,
Бир туугандай жанга жакынсың.
Чогулалы, майрам куралы,
Сагынычтан черлер жазылсын.

Кайырма:

Кандайсынар, классташтарым!
Ачык болсун, дайым асманың.
Бала кезди эстеп алалы,
Окуучулук күнүм жашагын.

Жолугушуп турбай ар айда,
Убакыттар учту далайга.
Амандашып, барып кайталы,
Кабарлашып, эже-агайга.
Саламдашып, эже-агайга.

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Тагдыр калчап сага берген көңүлдү, Таалайымдан тартып алган өңдүүбү? Тереңине күйүп, түптөп баратам, Термеле тигилбей кара көзүңдү. Күдөр улап гүлүм, Күтпө, жаным, бүгүн. Кыйнаса да сени, Кыйбаган сүйүүм. Болсоң жары кимдин, Боздоп калам билгин. Сезим жандай түнөм, Сен менен бирмин. Көңүл көксөп сени күндө чакырды, Көтөр албай күйүт берген басымды. Көксөгөнмүн сендик ордум таба албай, Сүйүү деми мынча эрте басылды. Кайырма: Ишенбей акыры кош деген сөзгө, Ичим күйүп жаштар көлкүлдөп көзгө. Билем, жаным, менсиз таттуу турмушуң, Бийигине алып кетериң өзгө.
  • Алтын бешигим, түшүмө кирдиң, Ансайын сага арналат сүйүүм. Ырымды сунам, сапарым улайм, Сагынып сени, элестеп улам. Анда мен бала чуркап ойногон, Андагы кыял сезим козгогон. Айлуу түн, кечтер, балалык кездер, Кусадар кылдың эсимден кетпей. Таңдын шооласы, эненин үнү, Таңкы шүүдүрүм, жоогазын гүлү. Айылдын деми, сагындым сени, Баратам сага, тосуп ал мени. Киндик кан тамган туулган жерим, Кадырыңа, эй, жетер бекенмин? Ала-Тоо — жерим, кыргызым — элим, Арча бешигим, Ата Мекеним… Кадырыңа мен жетер бекенмин? Баратам сага тосуп ал мени.
  • Төрөгөн жарык дүйнө көрсөткөн ай Төрүндө аалам теңсиз берекем ай Аздектеп алдейлеген баарыбызды Алтындан бешигин бар энекем ай Кайырма: Энем энем энем жалгыз энем Дүйнөнүн эң сулуусу менин энем Бактыбыз үчүн дем күч аябай Жашады энем карыды энем Карыды энем Эс алың жумуш болсо өзүм кылам Көзүмдүн карегиндей сизди сактайм Эмгегим кызматымды сиз көрүңүз Энеке эки дүйнө сүтүң актайм Алмалуу өзүң баккан багыңдаймын Апаке жакшы көргөн бутагыңмын Кубанып жүзүңүздө кулкү турса Кулунуң алма жыттуу караныңмын
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Адырдагы аппак гүлдү көрөм, Аппагына кызыгып аны терем. Аппак көйнөк кийинген, эй, сулуу кыз, Колумдагы аппак гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы аппак гүл сизге берем. Кыр- кырлардан кызыл гүлдү көрөм, Кызылына кызыгып аны терем. Кызыл көйнөк кийинген эй, сулуу кыз, Колумдагы кызыл гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы кызыл гүл сизге берем. Суу боюнан сулуу гүлдү көрөм, Сулуусуна кызыгыл аны терем. Сырлуу көйнөк кийинген эй, сулуу кыз, Колумдагы сурлуу гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы аппак гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы кызыл гүл сизге берем. Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз! Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.