Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сулуу кыз»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Адырдагы аппак гүлдү көрөм,
Аппагына кызыгып аны терем.
Аппак көйнөк кийинген, эй, сулуу кыз,
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Кыр- кырлардан кызыл гүлдү көрөм,
Кызылына кызыгып аны терем.
Кызыл көйнөк кийинген эй, сулуу кыз,
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Суу боюнан сулуу гүлдү көрөм,
Сулуусуна кызыгыл аны терем.
Сырлуу көйнөк кийинген эй, сулуу кыз,
Колумдагы сурлуу гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы аппак гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы кызыл гүл сизге берем.
Эй, сулуу кыз, токтой туруңуз!
Колумдагы сырлуу гүл сизге берем.

Другие песни исполнителя:

  • Сен төрөлүп, неберем Кемиди го керегем Тосуп чыксаң жүгүрүп, Тоодой толкуп кенейем. Кайырма: Айга-күнгө теңеген, Алмаштыргыс сен элең. Жүгүрөм деп жыгылсаң, Жан бөлүнүп денеден Сен аман бол, неберем. Нурлап жарык күн-түндү, Көп күттүм мен бул күндү. Эч нерсеге кыйбаймын Сенин таза күлкүңдү. Кайырма: Ачып көзүн булактын, Ата жолун уланткын. Чоң энеңди сүйүнтүп, Чоң атаңды кубанткын. Кайырма: Ала-Тоодой бийик бол, Ак мөңгүдөй тунук бол. Айкөл болуп Манастай, Кан Бакайдай улук бол!
  • Жаз ырымды ачайын Жандап келдиң жаз айым Сагынычтан чарчаган Саламымды айтайын Кейигеним айтайын Кирип келдиң жаз айым Сусап турам сөзүңө Сурап койчу ал жайын Кайырма: Өрүк гүлүн төккөндө Жаз бетиңден өпкөндө Неге жаным келем дедиң Алдадың Алма гүлүн төккөндө Ак жамгырлар өткөндө Анда дагы келем дедиң Алдадың Жашыл кийди Ала-Тоо Жасанганы сага го Жүзүң ачты байчечек Жетип келчи садага го Жомогубуз баяндуу Жоромого айланды Аалам сенсиз караңгы Алып келчи майрамды Кайырма: Ак сүйүүмдү кучакта Кайрылчы бир өткөндө Келчи күтөм көктөмдө
  • Кызыл өрүк төгүлгөндөй, Кыздын чачы өрүлгөндөй. Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн, Кыйгач карап көңүл бөлбөй. Кайырма: Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Сүйүп калдым мен сени көрүп. Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Койчу мага көңүл бөлүп. Кызыл өрүк данегиндей, Кара көздүн карегиндей. Кагып кашың басып кеттиң, Калтырбадың дарегиңди, эй. Кайырма: Кызыл өрүк, азап болдуң, Кызык сүйүү баштап койдуң. Кыздын атын сурай албай, Кызыл өрүк атап койдум.