Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаз айым»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаз ырымды ачайын
Жандап келдиң жаз айым
Сагынычтан чарчаган
Саламымды айтайын
Кейигеним айтайын
Кирип келдиң жаз айым
Сусап турам сөзүңө
Сурап койчу ал жайын

Кайырма:

Өрүк гүлүн төккөндө
Жаз бетиңден өпкөндө
Неге жаным келем дедиң
Алдадың
Алма гүлүн төккөндө
Ак жамгырлар өткөндө
Анда дагы келем дедиң
Алдадың

Жашыл кийди Ала-Тоо
Жасанганы сага го
Жүзүң ачты байчечек
Жетип келчи садага го
Жомогубуз баяндуу
Жоромого айланды
Аалам сенсиз караңгы
Алып келчи майрамды

Кайырма:

Ак сүйүүмдү кучакта
Кайрылчы бир өткөндө
Келчи күтөм көктөмдө

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Макул бүгүн балалыкты эскерип Бар куруп бак аралап келелик Боюбузда болсо деле айырма Оюбуз калыптыр го теңелип Моюнуңа кызыл жоолук салынган Чачың өрүп ак бантигин тагынган Бойлуу элең а мен болчум кичине Карабадың мен ошого таарынгам Эх арман ай айтчы болду эмине Чаласыңда чакырасың эмине Бир болмокбуз ошондо эле же балким Кыска дебей алып койсоң теңиңе Бүгүн турдум сенин жаныңдан кете албай Жалдактайсың мени карап бет албай Эмнегедир бүгүн жеттим жүзүңө Мен бала кезде неге калдым жете албай
  • Төрөгөн жарык дүйнө көрсөткөн ай Төрүндө аалам теңсиз берекем ай Аздектеп алдейлеген баарыбызды Алтындан бешигин бар энекем ай Кайырма: Энем энем энем жалгыз энем Дүйнөнүн эң сулуусу менин энем Бактыбыз үчүн дем күч аябай Жашады энем карыды энем Карыды энем Эс алың жумуш болсо өзүм кылам Көзүмдүн карегиндей сизди сактайм Эмгегим кызматымды сиз көрүңүз Энеке эки дүйнө сүтүң актайм Алмалуу өзүң баккан багыңдаймын Апаке жакшы көргөн бутагыңмын Кубанып жүзүңүздө кулкү турса Кулунуң алма жыттуу караныңмын
  • Жаңы, жаңы, жаңы жыл! Кирип келди кайрадан. Жаңы жылдан жакшылык, Күтөт элдер сандаган. Тынчиык, сүйүү, бейкуттук, Чын ден-соолук кааларым. Ыр, күлкүгө чулганып, Шаңга толсун айлана. Кайырма: Көңүлдөргө дайыма, Күлкүлөр толуп, шаң болсун. Адамзаттын жан дүйнөсү, Жааган кардай ак болсун! Эски жылды биз узатып, Жаң жылды биз тосолу. Ар бир үйгө кут кирип, Ден – соолукта бололу. Сааттын жылып жебеси, Он экини кактырат. Шаңга толуп көчөлөр, Шампан көккө атылат. Ар бир үйгө жаңы жыл, Кирип келет жаркырап. Жаңы жылда жакшылык, Каалоо- тилек айтылат.
  • Көчөлөрү ар түр жашылдан, Кере жутам таза абаңдан. Көз салсам төмөн тарапка, Көкмөк көлүң ойноп чалкыган. Кереметүү тоосу Шамшыкал Жер соорусу Арым, Итагар Капчыгай, Чычкан, Бейиш-Төр Узун-Акмат, Торкен дайралар. Кайырма: Биздин туулган жер ушул, Биз да ушул жерге уул, Акындын аты аталган жер, Токтогул. Ырчы кызы, ырчы уул, Биздин туулган жер ушул, Акындын аты аталган жер, Токтогул. Обон чыгат аска-зоосунан, Ыр татымы келет тузунан. Касиеттүү алтын бешигим, Күү угулат аккан суусунан.