Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кош мектебим»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билинбей окучулук мезгил акты
Торутуп гүлдөй назик жаш куракты
Толгунуп салыштырып карап турам
Оргуштап кайнап чыккан мол булакты

Кайырма:

Кош мектебим эжейлер агайларым
Парталаш классташтар курбуларым

Кызыл өң кызгалдактай жадыраган
Биз бүгүн балапанбыз учуп жаткан
Мектебим кош дей албай ич ачышат
Жүрөктү сезим бийлеп апкарыткан

Өзүңдү асыл уям кимге теңейм
Ким көрбөй мээрими кол энекемден
Узата ак жол тилеп тургансыйсың
Апамдай ысык сүйүп пешенемден

Другие песни исполнителя:

  • Жаңырган айлуу түндү жамынайын, Жол тартып мен өзүңө камынайын. Жамалың бир көрүүнү дегдеп барам, Жайдары тосуп алчы Жаңылайым. Кайырма: Жаңылайым менин жаным, ай, Агарып аткан таңым, ай. Тоодой багым ай, бактылуу болмокмун, Болсоң жарым, ай… Көзүңө карегиңе багынайын, Көрбөсөм, көргүм келип сагынайын. Көзү өтүп кетишпесин башкалардын, Көбүрөөк күлбөй жүрчү кагылайын.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Кымызын ичип жайлоонун Аска тоосун аралап Кыз чачындай өрүлгөнсүп Мажурум талдай чайпалат Кайырма: Кызык экен биздин өмүр Кызык экен жашчылык Бирде күлүп бирде кабак бүркөлүп Укмуш экен ушул дүйнө Укмуш экен тирүүлүк Бирде кайгы бирде күлкү Түрлөнүп Көгүм төгүп жамгыр менен Булут өтөт көктөгү Орго карай жылат аста Өмүрдүн көктөмү Тай кулундай кубалашкан Эске түшөт кечеги Сансыз ойго миң батасын Санагы жок эсеби
  • Айлана жашыл шибер, керемет, Асмандан жамгыр төгөт себелеп. Мен дагы жамгыр коштоп ырдаймын, Жазда сени эмнегедир келет деп, Жамгыр менен төгүлөмүн сени эстеп. Кайырма: Төкчү жамгыр, төк жамгыр, Токтобостон төк жамгыр! Сүйгөнүмдүн жүзүнөн сүйчү жамгыр, Өп жамгыр… Жамгыр төгөт, моюн ылдый куюлат, Жан дүйнөм да жай таба албай буюгат. Тамчылары ак жамгырдын негедир, Таанышымдай жүрөгүмө угулат, Таанышымдай жүрөгүмө угулат. Кайырма: Акыры жамгыр төгүп, басылды, Аттиң ай, ал жамгырдын аздыгы. Алтыным, сага болгон сүйүүмдү, Алып барат ошол сүйүү жамгыры, Алып барат ошол сүйүү жамгыры.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Желдей жортуп өттү бир күн дагы да, Ал өмүрдүн кетти келбес жагына. Тирүү туруп болгум келбейт кабатыр, Кеткен күндүн, келээр түндүн баарына. Өтөт күндөр бири-бирине окшобой, Өтөт өмүр бир мүнөткө токтобой. Өрттөй жанып, жалындагын барыңда, Өмүрүңдү өкүнүчкө коштобой. Мейли жүз жыл, мейли миң жыл жашагын, Бирок, чындык жер алдында жатарың. Падыша бол, кайырчы бол баарыбир, Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.