Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ток жамгыр»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айлана жашыл шибер, керемет,
Асмандан жамгыр төгөт себелеп.
Мен дагы жамгыр коштоп ырдаймын,
Жазда сени эмнегедир келет деп,
Жамгыр менен төгүлөмүн сени эстеп.
Кайырма:
Төкчү жамгыр, төк жамгыр,
Токтобостон төк жамгыр!
Сүйгөнүмдүн жүзүнөн сүйчү жамгыр,
Өп жамгыр…
Жамгыр төгөт, моюн ылдый куюлат,
Жан дүйнөм да жай таба албай буюгат.
Тамчылары ак жамгырдын негедир,
Таанышымдай жүрөгүмө угулат,
Таанышымдай жүрөгүмө угулат.
Кайырма:
Акыры жамгыр төгүп, басылды,
Аттиң ай, ал жамгырдын аздыгы.
Алтыным, сага болгон сүйүүмдү,
Алып барат ошол сүйүү жамгыры,
Алып барат ошол сүйүү жамгыры.

Другие песни исполнителя:

  • Арбайт ар бир кыймылың, Бийчи кызым, махабатым сен, Махабатым сен. Айдан түшкөн ай кызым, Таазим кылам чырайыңа мен, Чырайыңа мен. Жайкалган өрмөлүңдөн, Көзүңдөн мөлмүлдөгөн. Кайырма: Өткүр жаштык, өмүргө сүйүү берген, Жүрө бергин көңүлдө, Жүрөгүмдө бийлей бергин. Ай кызым, ай, ай кызым, Ай кызым менин. Жүрө бергин көңүлдө, Жүрөгүмдө бийлей бергиниң. Жомоктон келдиң ханзаадам, Сулуулардын периси белең, Мен издеген. Байкатпай жүрөк уурдаган, Бийчилердин сыйкыры белең, Мен билбеген. Алтын көкүл саамайыңдан, Аппак жүзүң, маанайыңдан.
  • Тагдыр калчап сага берген көңүлдү, Таалайымдан тартып алган өңдүүбү? Тереңине күйүп, түптөп баратам, Термеле тигилбей кара көзүңдү. Күдөр улап гүлүм, Күтпө, жаным, бүгүн. Кыйнаса да сени, Кыйбаган сүйүүм. Болсоң жары кимдин, Боздоп калам билгин. Сезим жандай түнөм, Сен менен бирмин. Көңүл көксөп сени күндө чакырды, Көтөр албай күйүт берген басымды. Көксөгөнмүн сендик ордум таба албай, Сүйүү деми мынча эрте басылды. Кайырма: Ишенбей акыры кош деген сөзгө, Ичим күйүп жаштар көлкүлдөп көзгө. Билем, жаным, менсиз таттуу турмушуң, Бийигине алып кетериң өзгө.
  • Билинбей окучулук мезгил акты Торутуп гүлдөй назик жаш куракты Толгунуп салыштырып карап турам Оргуштап кайнап чыккан мол булакты Кайырма: Кош мектебим эжейлер агайларым Парталаш классташтар курбуларым Кызыл өң кызгалдактай жадыраган Биз бүгүн балапанбыз учуп жаткан Мектебим кош дей албай ич ачышат Жүрөктү сезим бийлеп апкарыткан Өзүңдү асыл уям кимге теңейм Ким көрбөй мээрими кол энекемден Узата ак жол тилеп тургансыйсың Апамдай ысык сүйүп пешенемден
  • Карагаттай көздөн мөлт-мөлт жашын төккөн, Сүйгөнүнө жетпей, канча өмүр өткөн? Сени ойлоп дайым, куса болдум, айым, Кыялга батып, кыйналып жатып, Сага арнап жаздым бир обон. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым. Жашоо берген күн го, жаш өмүрүм гүл го, Жаштык өтсө сенсиз, өткөргөнүм түн го. Үмүт өчтү, үмүт, сени күтүп жүрүп, Кыялга батып, кыйналып жатып, Сага арнап жаздым бир обон. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым.