Казахские песни Узбекские песни

Песня «Элеман»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жылдыз болуп күнүгө,
Жарык чачат үйүмө.
Сен бар үчүн дүйнөдө,
Үйүм толо күлкүгө.
Кайырма:
Балам, балам, жан балам,
Ананайын садагам.
Элим аман болсун деп,
Атыңды койдум Эламан.
Аман, аман, Эламан,
Гүл белемсиң, садагам?
Жыттап, жыттап тойбоймун,
Ананайын жытыңдан.
Балдан ширин сөздөрүң,
Бүлбүл жанган көздөрүң.
Шириним, ай, шириним,
Узун болсун өмүрүң.
Ата-энеңдин бактына,
Эр жетилгин, садага.
Талыбастан канатың,
Пайдаң тийсин журтуңа.

Другие песни исполнителя:

  • Сен төрөлүп, неберем Кемиди го керегем Тосуп чыксаң жүгүрүп, Тоодой толкуп кенейем. Кайырма: Айга-күнгө теңеген, Алмаштыргыс сен элең. Жүгүрөм деп жыгылсаң, Жан бөлүнүп денеден Сен аман бол, неберем. Нурлап жарык күн-түндү, Көп күттүм мен бул күндү. Эч нерсеге кыйбаймын Сенин таза күлкүңдү. Кайырма: Ачып көзүн булактын, Ата жолун уланткын. Чоң энеңди сүйүнтүп, Чоң атаңды кубанткын. Кайырма: Ала-Тоодой бийик бол, Ак мөңгүдөй тунук бол. Айкөл болуп Манастай, Кан Бакайдай улук бол!
  • Кызыл өрүк төгүлгөндөй, Кыздын чачы өрүлгөндөй. Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн, Кыйгач карап көңүл бөлбөй. Кайырма: Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Сүйүп калдым мен сени көрүп. Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Койчу мага көңүл бөлүп. Кызыл өрүк данегиндей, Кара көздүн карегиндей. Кагып кашың басып кеттиң, Калтырбадың дарегиңди, эй. Кайырма: Кызыл өрүк, азап болдуң, Кызык сүйүү баштап койдуң. Кыздын атын сурай албай, Кызыл өрүк атап койдум.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Туш тарабы курчалган тоолор менен, Жайы-кышы тулаң чөбүн малдар жеген. Жаратылыш көркү сонун Токтогулдун, Элинин да, жеринин пейили кенен. Чычкан жээктеп эс алсаң жайындасы, Тамшандырат тээ Талгардын кожогаты. Түркүн кооз кубулушка таң калышып, Бир көргөндөр жергеме, бир көргөндөр Токтогулга сугун артып. Өнүп-өсүп кийинки жаш муундарың, Сыймыктантат мыкты кыз-уулдарың. Кетмен-Төбөм, кең өрөөнүм чалкып жаткан, Асыл мекен, мен да өзүңдө туулганмын.