Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жене»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Жумушум бардай байкеде эле,
Үйүңө барам атайын эле.
Ийилип сунган чайыңды унутуп,
Суктанып кечке караймын неге.
Караймын неге, караймын неге,
Карегим сизге кадалат жеңе.
Ак сүйүү болсо, кечиктим беле,
Армандуу ишке кезиктим беле.
Жылмайып мени карап коййсоңуз,
Сезиле берет сүйгөндөй эле.
Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле,
Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе.
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
Айта алайм эми сүйүүмдү деле.
Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке,
Алыс жүрөйүн аттиң, ай жеңе.
Аттиң, ай жеңе, аттиң, ай жеңе.
Арманда сыздайм сүйбөсөңнеге.
Аттиң, ай жеңе, айылдаш жеңе.
Арманда сыздайм сүйбөсөң неге.
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,

Другие песни исполнителя:

  • Кызыл өрүк төгүлгөндөй, Кыздын чачы өрүлгөндөй. Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн, Кыйгач карап көңүл бөлбөй. Кайырма: Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Сүйүп калдым мен сени көрүп. Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Койчу мага көңүл бөлүп. Кызыл өрүк данегиндей, Кара көздүн карегиндей. Кагып кашың басып кеттиң, Калтырбадың дарегиңди, эй. Кайырма: Кызыл өрүк, азап болдуң, Кызык сүйүү баштап койдуң. Кыздын атын сурай албай, Кызыл өрүк атап койдум.
  • Карагаттай көздөн мөлт-мөлт жашын төккөн, Сүйгөнүнө жетпей, канча өмүр өткөн? Сени ойлоп дайым, куса болдум, айым, Кыялга батып, кыйналып жатып, Сага арнап жаздым бир обон. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым. Жашоо берген күн го, жаш өмүрүм гүл го, Жаштык өтсө сенсиз, өткөргөнүм түн го. Үмүт өчтү, үмүт, сени күтүп жүрүп, Кыялга батып, кыйналып жатып, Сага арнап жаздым бир обон. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым. Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым, Ойлорго батып, ойлонуп жатып, Обонум сага арнадым.