Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сезим»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим,
Жолуксам айтып берем себептерин.
Жаштыгым кеткичекти, өмүрүм өткүчөктү,
Бул сезим аба-суудай керек дедим.
Өрттөдүң жүрөгүмдүн бары-жогун,
Жолу бар кантип аны дарылоонун.
Айыкпайм башкалардан, жок калды башка аргам,
Билемин сенден бөлөк дары жогун.
Билбеймин кайдан сени табарымды,
Билдирип койсоң боло кабарыңды.
Көз албай тиктесем дейм,
Ыр жазып бүтпөсөм дейм,
Сагындым, жароокерим, жамалыңды…

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Жанымды түшүнгөн өмүрдө Жан барбы? Жалгыз мен күттүм го агарган таңдарды. Сырымды бөлүшөөр Жан болсо, кайдасың? А балким, издеген Жан биргем айдасың. Өткөндүн элеси эсимде калгандай, Эстесем күн чыгып ал кайра баткандай. Мен дагы жашоодо бактылуу жандардай, Оюмда жашаймын бир жанды тапкандай. Кечирем бардыгын өчүрөм сезимден, Эске албай болгонун кечирем, Мен сага ишенип түшүнөм. Жүрөгүм сыздатып сагынып турса да, Көңүлүм өзүңдөң калса да кечирем. Ал кезди, сагынам кайра сагынбаймын, Мен сага таарынбайм а бирок жалынбаймын . Кечирем, жараткан кечирсе, мен киммин, Дүйнөнүн жалганын эске алып кечирдим