Казахские песни Узбекские песни

Песня «Той ыры»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак тойлор, тойлор уланып
Жүрөктөр толо кубанып
Ыймандуу болсун жаштар деп
Ата-эне турат кубанып
Той толо келди кудалар
Толкундап жаш жубайлар
Кудайым берип батасын
Кубантсын эне атасын

Кайырма:
Кубанычтан ырдайт кудалар
Бактылуу болсун жубайлар
Ак батасын эненин
Ак жолтой кылсын келинин
Тостторго тосттор уланып
Достору келди кубанып
Кыргызымдын алып батасын
Кубантсын эне атасын
Зал толо колдор чабылып
Бакалдар колдо кагылып
Ак-тилек арзуу айтылып
Ыр-күүсү жандуу жаңырып

Бак болсун уул келинге
Бактылуу кыргыз жеринде
Батасы кыргыз тилинин
Бактылуу кылсын келинин
Апалар чачып чачыла
Алгалай басат шашыла
Ак жоолук салып башына
Келинин өбүп ашыга

Другие песни исполнителя:

  • Апа деген асыл экен, Ага теңдеш таппадым. Айткандары акыл экен, Билип, таанып актагын. Чарк айланып дүйнөдө, Мен айлансам да, таппаймын. Эч бир жанга теңебесмин, Апакебай, ардагым, ардагым. Эч бир жанга теңебесмин өзүңүздү, Апакебай, ардагым, ардагым. Кайырма: Апа деген теңдеши жок зат тура, Акылманым, ыйык, кымбат, жаным апа. Дүйнөнү кезип бүтүн издесем да, Өзүңүздөй таппаймын, жаным апа. Турмуш жолун, Көрсөттүңүз уул-кыздарга, апаке. Убай тартып, түйшүк артып, Ар бирөөсүн өзүнчө. Мээрим чачып, Эркелеткен эмгегиңиз өзгөчө, Ак сүтүңдү актай алсам, Акылманым, апаке, апаке. Ак сүтүңдү актай алсам, ардагым, Акылманым, апаке, апаке…
  • Дабалап татту жүрөктү Ыр дүйнө менен жашадым Сүйөмүн жарык ааламды Жашагым келет жашагым Дарысы курган жүрөктү Ырларым менин сырларым Ыр дүйнөдө жашаган Ырыстуу жаным ыргагым Кайырма: Бул өмүр бизге бир келет Сырлары күчтү керемет Туура жол тандап жашодо Сыймыктуу жаша эркелеп Ырларым жакса кубанам Ыйманга толсун бул аалам Ырыскы кут дагы төгүлсүн Ынтымак тарабыңдан Ыр дүйнө деген көрөңгө Кыргызым жакын өнөргө Оозунан ыры куюлган Акындар бизге жөрөлгө
  • Жүрөгүмдө сакталаган сыр элең сен, сыр элең, Жарык берген үмүткө, нур элең сен, Бассам турсам шыгылап медер болуп, Жазыла элек буйтолуп ыр элең сен Жаз башында жарк этип, төрөлдүң сен, төрөлдүң Жарык берген үмүткө бөлөндүң сен Жүрөгүмө нур төгүп кубанычым Жазгы бактай бүр байлап көгөрдүм мен Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат, Көңүлүмө таң атсын гүлдөр жайнап. Кубат алып күлкүңөн өмүрүмө, Көкөлөйүн асманга канат байлап. Көкөлөйүн асманга канат байлап. Күлкүң кайрат, күлкүң кайрат, Ата-эңене күлкүң кайрат. Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат, Көңүлүмө таң атсын гүлдөр жайнап. Кубат алып күлкүңөн өмүрүмө, Көкөлөйүн асманга канат байлап. Көкөлөйүн асманга канат байлап.