Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ыр дунуйо»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Дабалап татту жүрөктү
Ыр дүйнө менен жашадым
Сүйөмүн жарык ааламды
Жашагым келет жашагым
Дарысы курган жүрөктү
Ырларым менин сырларым
Ыр дүйнөдө жашаган
Ырыстуу жаным ыргагым

Кайырма:

Бул өмүр бизге бир келет
Сырлары күчтү керемет
Туура жол тандап жашодо
Сыймыктуу жаша эркелеп
Ырларым жакса кубанам
Ыйманга толсун бул аалам
Ырыскы кут дагы төгүлсүн
Ынтымак тарабыңдан


Ыр дүйнө деген көрөңгө
Кыргызым жакын өнөргө
Оозунан ыры куюлган
Акындар бизге жөрөлгө

Другие песни исполнителя:

  • Кара-Кочкор – ата-бабам өткөн жер, Киндик каным көздүн жашын төккөн жер. Бул дүйнөгө келген кезде мен дагы, Эркелетип эң биринчи өпкөн жер. Биринчи ирет сага жуугам жүзүмдү, Биринчи ирет сен көргөнсүң изимди. Сенде өттү көктөм кези өмүрдүн, Сен баштадың биринчи өмүр күзүмдү. Кешиктешмин өзүңө, төрөлгөнмүн. Кетпейт эстен Сөөк жайлоо, көгөргөнүң. Канча көрсөм ошончо сүйкүмдүүсүң, Калп айталбайм күн күбө төбөмдөгү. Жылдарды ээрчип кош айтышып балалык, Жигит болдум эртели-кеч таранып, Кыш чилдеде кыз дилине гүл эгип, Куттуу таңдар ата берди агарып.
  • Ышкыдар болуп гүлүңө, Ыр жазам сага күнүгө. Ачылсын десең кабагым, Ай болуп чыкчы түнүмө. Көз артпай турган сен белең, Көкүттө калчу мен белем? Көңүлгө батпай сагыныч, Күн нуру менен тең келет. Кайырма: Арманым менин арылмак, Асыл бир максат табылмак. Ааламга аруу нур төгүп, Ашыктык жолу жаңырмак. Гүлкайыр десем, чөп дейсиң, Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң. Көргөнү келсем таң менен, Көзүңдү артпай, өп дейсиң. Ташкындап турса суу толуп, Толкунда жүрсөң куу болуп. Тилекке улап тилекти, Таң нуру тийсе туу болуп. Күн нуру өлөт, мен калам, Күн нуру өчөт, мен жанам. Чаңкоосун дилдин баса албай, Шар аккан суу менен бирге агам.
  • Булбул үнүн угуп багынам, Узак калган жаздын гүлүн сагынам. Лира десте жасап алып ышкындан, Күтөм сени карегиңдин таңынан. Арманым жок азабыңды тартсам да, Таалайыма гүл өстүрчү жаңыдан. Кайырма: Жалооруймун элесиңе билеби? Арзуумдун болор бекен тиреги? Насип буйруп дилди баар даарыса, Ышкы аптабын сезер бекен жүрөгү? Мээримиңе мээримимди ширетип, Алоосуна тартар бекен тилеги? Булак үнүн угуп сүйүү аскадан, Улуу тоого арзуумду айтып даттанам. Лазатына тартылам булактын. Кырчын чактын дарчасына баш багам, Ашыктыктын гүлүн тигип жолуңа, Таңды тосуп барткансыйт кош кадам. Кайырма: Шашып-шашып чыгат менин добушум, Аяз чырмап баратат бийим конушу. Ырайымдуулук каалгасын кең ачып, Иликтечү күндүн кутман болушу. Периштедей бир көрүнүп көзүмө, Ашыктыктын баштап койдуң согушун.
  • Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен калайык. Таңы да бар, багы да бар Жердин бети адам үчүн ылайык. Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум, Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун. Кайырма: Чаңкаганга, суусаганга, Булак болуп мен агайын. Кеч киргенде, жер бетине, Карегимден чыгак жасап жагайын. Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен адамдар. Жазы жаңы, жарык таңы, Келечекте бизди күткөн заман бар.