Казахские песни Узбекские песни

Песня «Касиетту кара кочкорум»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кара-Кочкор – ата-бабам өткөн жер,
Киндик каным көздүн жашын төккөн жер.
Бул дүйнөгө келген кезде мен дагы,
Эркелетип эң биринчи өпкөн жер.
Биринчи ирет сага жуугам жүзүмдү,
Биринчи ирет сен көргөнсүң изимди.
Сенде өттү көктөм кези өмүрдүн,
Сен баштадың биринчи өмүр күзүмдү.
Кешиктешмин өзүңө, төрөлгөнмүн.
Кетпейт эстен Сөөк жайлоо, көгөргөнүң.
Канча көрсөм ошончо сүйкүмдүүсүң,
Калп айталбайм күн күбө төбөмдөгү.
Жылдарды ээрчип кош айтышып балалык,
Жигит болдум эртели-кеч таранып,
Кыш чилдеде кыз дилине гүл эгип,
Куттуу таңдар ата берди агарып.

Другие песни исполнителя:

  • Ышкыдар болуп гүлүңө, Ыр жазам сага күнүгө. Ачылсын десең кабагым, Ай болуп чыкчы түнүмө. Көз артпай турган сен белең, Көкүттө калчу мен белем? Көңүлгө батпай сагыныч, Күн нуру менен тең келет. Кайырма: Арманым менин арылмак, Асыл бир максат табылмак. Ааламга аруу нур төгүп, Ашыктык жолу жаңырмак. Гүлкайыр десем, чөп дейсиң, Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң. Көргөнү келсем таң менен, Көзүңдү артпай, өп дейсиң. Ташкындап турса суу толуп, Толкунда жүрсөң куу болуп. Тилекке улап тилекти, Таң нуру тийсе туу болуп. Күн нуру өлөт, мен калам, Күн нуру өчөт, мен жанам. Чаңкоосун дилдин баса албай, Шар аккан суу менен бирге агам.
  • Эсимде жаштык бактары, Эсепсиз эле түрлөрү. Эңилсе бизге шактары, Эринин тосчу гүлдөрү. Жадымда жаштык көктөмү, Жашылга жашыл жарашчу. Жалбырак турса өпкөнү, Жоодурап гүлдөр карашчу. Кайырма: Ошонун баары эсимде, Ошонун наары эсимде. Ой чулгап турган кезимде, Ошолор түшөт сезимге. Жалындап күйгөн өрттөгү, Жарк эткен издер табылчу. Жымыңдап күйгөн көктөгү, Жылдыздан чырак жагылчу. Беш көкүл элең гүл бурап, Бейиштен келген перидей. Булбулду коштоп үндү улап, Басчу элең назик берилей.