Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эсимде»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эсимде жаштык бактары,
Эсепсиз эле түрлөрү.
Эңилсе бизге шактары,
Эринин тосчу гүлдөрү.
Жадымда жаштык көктөмү,
Жашылга жашыл жарашчу.
Жалбырак турса өпкөнү,
Жоодурап гүлдөр карашчу.
Кайырма:
Ошонун баары эсимде,
Ошонун наары эсимде.
Ой чулгап турган кезимде,
Ошолор түшөт сезимге.
Жалындап күйгөн өрттөгү,
Жарк эткен издер табылчу.
Жымыңдап күйгөн көктөгү,
Жылдыздан чырак жагылчу.
Беш көкүл элең гүл бурап,
Бейиштен келген перидей.
Булбулду коштоп үндү улап,
Басчу элең назик берилей.

Другие песни исполнителя:

  • Ышкыдар болуп гүлүңө, Ыр жазам сага күнүгө. Ачылсын десең кабагым, Ай болуп чыкчы түнүмө. Көз артпай турган сен белең, Көкүттө калчу мен белем? Көңүлгө батпай сагыныч, Күн нуру менен тең келет. Кайырма: Арманым менин арылмак, Асыл бир максат табылмак. Ааламга аруу нур төгүп, Ашыктык жолу жаңырмак. Гүлкайыр десем, чөп дейсиң, Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң. Көргөнү келсем таң менен, Көзүңдү артпай, өп дейсиң. Ташкындап турса суу толуп, Толкунда жүрсөң куу болуп. Тилекке улап тилекти, Таң нуру тийсе туу болуп. Күн нуру өлөт, мен калам, Күн нуру өчөт, мен жанам. Чаңкоосун дилдин баса албай, Шар аккан суу менен бирге агам.
  • Ачылбайт гүлдөр күн сайын, Ашыктар билет гүл жайын. Ай-жылдар канча өтсө да, Ашыкмын сага, күн-айым. Кайырма: Жазыла бербейт күн сайын, Жыпар жытын чачып гүл дайым. Сезимге дайым чок салган, Секетим, сенсиң – күн-айым. Сезимдин отун жандырып, Сен болдуң менин күн-айым. Жоодурап кайда жүрөсүң? Жоогазын гүлү, күн-айым. Кайырма: Жарпыбыз биздин жазылаар, Жарк этип койчу гүл кайда? Жолубуз биздин ачылып, Жолуксак кана бир кайра.
  • Кыялап баскан жолуңда, Кызыл гүл болуп жайнасаң. Борошо күнү торуңда, Босторгой болуп сайрасаң, Чыгар беле арманым. Жетер беле дарманым, Кайырма: Жалгыз гү бар, арасында гүлүмдүн, Жалгыз из бир, тереңинде билинди. Экөөнү тең, бир өзүңө арнагам, Дайым сенин ышкы отуңа кармалам. Гүлдүн мага кызылы жок, Сен аны өстүрбөсөң. Дилдин мага кызыгы жок, Назданып өптүрбөсөң. Чыгар беле арманым, Жетер беле дарманым.