Казахские песни Узбекские песни

Песня «Комузчу кыз»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Кара-Кочкор – ата-бабам өткөн жер, Киндик каным көздүн жашын төккөн жер. Бул дүйнөгө келген кезде мен дагы, Эркелетип эң биринчи өпкөн жер. Биринчи ирет сага жуугам жүзүмдү, Биринчи ирет сен көргөнсүң изимди. Сенде өттү көктөм кези өмүрдүн, Сен баштадың биринчи өмүр күзүмдү. Кешиктешмин өзүңө, төрөлгөнмүн. Кетпейт эстен Сөөк жайлоо, көгөргөнүң. Канча көрсөм ошончо сүйкүмдүүсүң, Калп айталбайм күн күбө төбөмдөгү. Жылдарды ээрчип кош айтышып балалык, Жигит болдум эртели-кеч таранып, Кыш чилдеде кыз дилине гүл эгип, Куттуу таңдар ата берди агарып.
  • Кыялап баскан жолуңда, Кызыл гүл болуп жайнасаң. Борошо күнү торуңда, Босторгой болуп сайрасаң, Чыгар беле арманым. Жетер беле дарманым, Кайырма: Жалгыз гү бар, арасында гүлүмдүн, Жалгыз из бир, тереңинде билинди. Экөөнү тең, бир өзүңө арнагам, Дайым сенин ышкы отуңа кармалам. Гүлдүн мага кызылы жок, Сен аны өстүрбөсөң. Дилдин мага кызыгы жок, Назданып өптүрбөсөң. Чыгар беле арманым, Жетер беле дарманым.
  • Түшүмдө да, өңүмдө да элесиң, Тарта берет махабаттын желесин. Учуп түшкөн жалбырактан көз албай, Улам карайм убакыттын жебесин. Бийик тоого бирге экөөбүз чыгалы, Бизге калыс улар үнүн угалы. Карегиңе карегимди ширетсем, Канар бекен сагынычтын кумары. Кайырма: Чалкып жаткан көл калаасын бойлойлу, Чын сүйүүнүн ырахатын ойлойлу. Түрмөктөлүп бизди карай умтулган, Толкундарга таш ыргытып ойнойлу. Куулар учту, биз да канат кагалы, Күтүп турат көктө күндүн жамалы. Кучагына кең ааламдын тартылып, Көкүрөккө жылдыздарды тагалы. Өтүп жатат мезгилди ээрчип дил күчү, Өмүрүмө жаз тартуулап гүлдөчү. Мүнүшкөрдүн шумкарындай учайын, Махабабаттын сересине үндөчү.