Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалгыз гуль»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кыялап баскан жолуңда,
Кызыл гүл болуп жайнасаң.
Борошо күнү торуңда,
Босторгой болуп сайрасаң,
Чыгар беле арманым.
Жетер беле дарманым,
Кайырма:
Жалгыз гү бар, арасында гүлүмдүн,
Жалгыз из бир, тереңинде билинди.
Экөөнү тең, бир өзүңө арнагам,
Дайым сенин ышкы отуңа кармалам.
Гүлдүн мага кызылы жок,
Сен аны өстүрбөсөң.
Дилдин мага кызыгы жок,
Назданып өптүрбөсөң.
Чыгар беле арманым,
Жетер беле дарманым.

Другие песни исполнителя:

  • Апа деген асыл экен, Ага теңдеш таппадым. Айткандары акыл экен, Билип, таанып актагын. Чарк айланып дүйнөдө, Мен айлансам да, таппаймын. Эч бир жанга теңебесмин, Апакебай, ардагым, ардагым. Эч бир жанга теңебесмин өзүңүздү, Апакебай, ардагым, ардагым. Кайырма: Апа деген теңдеши жок зат тура, Акылманым, ыйык, кымбат, жаным апа. Дүйнөнү кезип бүтүн издесем да, Өзүңүздөй таппаймын, жаным апа. Турмуш жолун, Көрсөттүңүз уул-кыздарга, апаке. Убай тартып, түйшүк артып, Ар бирөөсүн өзүнчө. Мээрим чачып, Эркелеткен эмгегиңиз өзгөчө, Ак сүтүңдү актай алсам, Акылманым, апаке, апаке. Ак сүтүңдү актай алсам, ардагым, Акылманым, апаке, апаке…
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол, Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол. Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип, Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол. Жаңы жылды, жакшылыкты коштосун, Жашообуз да кайгы-капа болбосун. Көз ирмемдей өтүп жаткан өмүрлөр, Суусуз калган гүлдөй болуп соолбосун. Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол, Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол. Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип, Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол. Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол, Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол. Аппак кардай ой-тилектер тунук болсун, Ушул жыл бейкуттуктун жылы болсун. Кайгы-капа эч кимге жолобостон, Күлкү аралап, ар бир үйдө шаттык толсун. Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол, Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол. Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип, Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол.