Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаны жыл»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол,
Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол.
Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип,
Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол.
Жаңы жылды, жакшылыкты коштосун,
Жашообуз да кайгы-капа болбосун.
Көз ирмемдей өтүп жаткан өмүрлөр,
Суусуз калган гүлдөй болуп соолбосун.
Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол,
Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол.
Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип,
Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол.
Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол,
Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол.
Аппак кардай ой-тилектер тунук болсун,
Ушул жыл бейкуттуктун жылы болсун.
Кайгы-капа эч кимге жолобостон,
Күлкү аралап, ар бир үйдө шаттык толсун.
Кел жаңы жыл, жаңы жыл токчулуктун жылы бол,
Жаркын үмүт жакшы сезим ыры бол.
Ар бир үйгө ынтымак, ынтымак кошо кирип,
Бакты-таалай ырыскылуу жылдан бол.

Другие песни исполнителя:

  • Ышкыдар болуп гүлүңө, Ыр жазам сага күнүгө. Ачылсын десең кабагым, Ай болуп чыкчы түнүмө. Көз артпай турган сен белең, Көкүттө калчу мен белем? Көңүлгө батпай сагыныч, Күн нуру менен тең келет. Кайырма: Арманым менин арылмак, Асыл бир максат табылмак. Ааламга аруу нур төгүп, Ашыктык жолу жаңырмак. Гүлкайыр десем, чөп дейсиң, Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң. Көргөнү келсем таң менен, Көзүңдү артпай, өп дейсиң. Ташкындап турса суу толуп, Толкунда жүрсөң куу болуп. Тилекке улап тилекти, Таң нуру тийсе туу болуп. Күн нуру өлөт, мен калам, Күн нуру өчөт, мен жанам. Чаңкоосун дилдин баса албай, Шар аккан суу менен бирге агам.
  • Жүрөгүмдө сакталаган сыр элең сен, сыр элең, Жарык берген үмүткө, нур элең сен, Бассам турсам шыгылап медер болуп, Жазыла элек буйтолуп ыр элең сен Жаз башында жарк этип, төрөлдүң сен, төрөлдүң Жарык берген үмүткө бөлөндүң сен Жүрөгүмө нур төгүп кубанычым Жазгы бактай бүр байлап көгөрдүм мен Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат, Көңүлүмө таң атсын гүлдөр жайнап. Кубат алып күлкүңөн өмүрүмө, Көкөлөйүн асманга канат байлап. Көкөлөйүн асманга канат байлап. Күлкүң кайрат, күлкүң кайрат, Ата-эңене күлкүң кайрат. Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат, Көңүлүмө таң атсын гүлдөр жайнап. Кубат алып күлкүңөн өмүрүмө, Көкөлөйүн асманга канат байлап. Көкөлөйүн асманга канат байлап.
  • Жагалмай деген жапан куш, Жар ташка барып конгон жок. Жарпымды жазып тең курбум, ой, тобо, Жайлообуз бирге болгон жок, ой, тобо. Кыркыйек деген кыраан куш, Кыр ташка барып конгон жок. Кылыкташ менин тең курбум, ой, тобо, Кыр ташка барып конгон жок, ой, тобо. Алыска кетип калды деп, Асыл кеч курбум, муңайба.
  • Булбул үнүн угуп багынам, Узак калган жаздын гүлүн сагынам. Лира десте жасап алып ышкындан, Күтөм сени карегиңдин таңынан. Арманым жок азабыңды тартсам да, Таалайыма гүл өстүрчү жаңыдан. Кайырма: Жалооруймун элесиңе билеби? Арзуумдун болор бекен тиреги? Насип буйруп дилди баар даарыса, Ышкы аптабын сезер бекен жүрөгү? Мээримиңе мээримимди ширетип, Алоосуна тартар бекен тилеги? Булак үнүн угуп сүйүү аскадан, Улуу тоого арзуумду айтып даттанам. Лазатына тартылам булактын. Кырчын чактын дарчасына баш багам, Ашыктыктын гүлүн тигип жолуңа, Таңды тосуп барткансыйт кош кадам. Кайырма: Шашып-шашып чыгат менин добушум, Аяз чырмап баратат бийим конушу. Ырайымдуулук каалгасын кең ачып, Иликтечү күндүн кутман болушу. Периштедей бир көрүнүп көзүмө, Ашыктыктын баштап койдуң согушун.