Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ой тобо»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазып тең курбум, ой, тобо,
Жайлообуз бирге болгон жок, ой, тобо.
Кыркыйек деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок.
Кылыкташ менин тең курбум, ой, тобо,
Кыр ташка барып конгон жок, ой, тобо.
Алыска кетип калды деп,
Асыл кеч курбум, муңайба.

Другие песни исполнителя:

  • Өтөсүң күндө кыйгачтай басып, Жүрөккө сүйүү учкунун чачып. Өтөсүң күндө кашыңды кагып, Жүрөккө сүйүү алоосун чачып. Кайырма: Жылдызсыңбы, нур кызсыңбы? Карегиме кайсы күнү чагылдың? Издеп жүрөм алоосунан, Мен жалындын. Бүт жылуулук, бүт сулуулук, Ээлеп алды сезимди. Сапарына, катарына кошуп алды өзүмдү. Арылып түн, нур чачты күн, Көктөн нөшөр төккөндөй. Сезди, жаным, анын талын, Жароокер кыз өпкөндөй. Өтөсүң күндө гүл алып колго, Өтсө деп күндө эки көз жолдо. Өтө бер күндө, өткөнүң өмүр, Өрттөсөң дагы өзүңдө көңүл.
  • Бул дүйнөм, бул өмүрүм сени менен го, Ырысым, ырыскым да сени менен го. Күлкүсү балдарымдын сени менен го, Бактылуу көз ирмемдер сени менен го. Кайырма: Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен, Ак тилек менен убайым тартарым сен. Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен, Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым, Сүйгөнүм, жубайым сен. Жашаймын күлүп турган көздөрүӊ менен, Жашаймын сүйөм деген, сөздөрүӊ менен. Жадабай миӊ ырахмат айтсам да аз го, Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген. Кайырма: Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен, Ак тилек менен убайым тартарым сен. Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен, Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым, Сүйгөнүм, жубайым сен. Күндөрү жаштыгымдын сени менен го, Жашоонун жакшылыгы сени менен го. Бактысы балдарымдын сени менен го, Бул дүйнө, бул өмүрүм сени менен го.
  • Түшүнсөң сени сүйүп жакшы көрө албаймын , Түшүнчү мени кечир көңүл бөлө албаймын. Азгырбагын азгырылбайм Мени сүйдүрбөгүн сүйө албаймын Айланбачы ак көпөлөк, айланбачы ак көпөлөк Кайырма: Айланба ак көпөлөк, ак көпөлөк Акмалап ак көпөлөк, ак көпөлөк Сүйүүм бар менин бөлөк, күткөнүм менин бөлөк, Сүйгөнүм менин бөлөк. Байланбайм мага арнаган сүйүүңдүн желесине, Бара албайм сен чакырган сезимдин сересине. Күлүп турдуң күлө албадым Мени сүйүп турдуң сүйө албадым Болду эми ак көпөлөк, болду эми ак көпөлөк