Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кызгалдак»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Түшүмдө да, өңүмдө да элесиң, Тарта берет махабаттын желесин. Учуп түшкөн жалбырактан көз албай, Улам карайм убакыттын жебесин. Бийик тоого бирге экөөбүз чыгалы, Бизге калыс улар үнүн угалы. Карегиңе карегимди ширетсем, Канар бекен сагынычтын кумары. Кайырма: Чалкып жаткан көл калаасын бойлойлу, Чын сүйүүнүн ырахатын ойлойлу. Түрмөктөлүп бизди карай умтулган, Толкундарга таш ыргытып ойнойлу. Куулар учту, биз да канат кагалы, Күтүп турат көктө күндүн жамалы. Кучагына кең ааламдын тартылып, Көкүрөккө жылдыздарды тагалы. Өтүп жатат мезгилди ээрчип дил күчү, Өмүрүмө жаз тартуулап гүлдөчү. Мүнүшкөрдүн шумкарындай учайын, Махабабаттын сересине үндөчү.
  • Кабагын ачпай эч эле Таарынган тез эле Жүрөгүн ээлеп алгандай Бир маселе Бүркөлүп күндөй алыста Түшкөндөй болуп капаска Өзгөрөт аба-ырайындай Бир заматта Кайырма; Жүзүндө маска маска маска Билбейт деп ойлойт жашырып Жүрөктө тоска тоска тоска Мезгилге калган багынып Сезими башка башка башка Тынчыбайт жүрөк басылып Оюнда акча акча акча Көзүндө турат жазылып Маска маска маска Тарткандай өңдү убайын Бүтпөгөн мууңайын Коңултак билбейт өзү да ай чырайын Адамдан адам тандаган Эсептеп таштап аргадан Колунан келген жан болсун жайнаган
  • Кыялап баскан жолуңда, Кызыл гүл болуп жайнасаң. Борошо күнү торуңда, Босторгой болуп сайрасаң, Чыгар беле арманым. Жетер беле дарманым, Кайырма: Жалгыз гү бар, арасында гүлүмдүн, Жалгыз из бир, тереңинде билинди. Экөөнү тең, бир өзүңө арнагам, Дайым сенин ышкы отуңа кармалам. Гүлдүн мага кызылы жок, Сен аны өстүрбөсөң. Дилдин мага кызыгы жок, Назданып өптүрбөсөң. Чыгар беле арманым, Жетер беле дарманым.
  • Жакшы сөз кандай жакшы жан эргитет. Жакшынын ойлору бар мээ сергитет. Жанашсаң андай жанга капысынан. Жан дүйнөң аалам айды эркин кезет. Жан дүйнөң аалам айды эркин кезет. Кайырма: Жакшы адам жылдыз сымал жанып турат. Жүзүнөн жылуу нуру тамып турат. Дидары аурасы таза жандар. Дилиңе аруулукту салып турат. Баарлаштым дал ошондой адам менен. Баятан сыр чечиштим калаам менен. Жүрөктөр шыбырашып жазылды чер. Алдыга шилтеп таза кадам менен. Баарлаштым Атакемдей адам менен.
  • Булбул үнүн угуп багынам, Узак калган жаздын гүлүн сагынам. Лира десте жасап алып ышкындан, Күтөм сени карегиңдин таңынан. Арманым жок азабыңды тартсам да, Таалайыма гүл өстүрчү жаңыдан. Кайырма: Жалооруймун элесиңе билеби? Арзуумдун болор бекен тиреги? Насип буйруп дилди баар даарыса, Ышкы аптабын сезер бекен жүрөгү? Мээримиңе мээримимди ширетип, Алоосуна тартар бекен тилеги? Булак үнүн угуп сүйүү аскадан, Улуу тоого арзуумду айтып даттанам. Лазатына тартылам булактын. Кырчын чактын дарчасына баш багам, Ашыктыктын гүлүн тигип жолуңа, Таңды тосуп барткансыйт кош кадам. Кайырма: Шашып-шашып чыгат менин добушум, Аяз чырмап баратат бийим конушу. Ырайымдуулук каалгасын кең ачып, Иликтечү күндүн кутман болушу. Периштедей бир көрүнүп көзүмө, Ашыктыктын баштап койдуң согушун.