Казахские песни Узбекские песни

Песня «Маска»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кабагын ачпай эч эле
Таарынган тез эле
Жүрөгүн ээлеп алгандай
Бир маселе
Бүркөлүп күндөй алыста
Түшкөндөй болуп капаска
Өзгөрөт аба-ырайындай
Бир заматта

Кайырма;

Жүзүндө маска маска маска
Билбейт деп ойлойт жашырып
Жүрөктө тоска тоска тоска
Мезгилге калган багынып
Сезими башка башка башка
Тынчыбайт жүрөк басылып
Оюнда акча акча акча
Көзүндө турат жазылып
Маска маска маска

Тарткандай өңдү убайын
Бүтпөгөн мууңайын
Коңултак билбейт өзү да ай чырайын
Адамдан адам тандаган
Эсептеп таштап аргадан
Колунан келген жан болсун жайнаган

Другие песни исполнителя:

  • Ак тойлор, тойлор уланып Жүрөктөр толо кубанып Ыймандуу болсун жаштар деп Ата-эне турат кубанып Той толо келди кудалар Толкундап жаш жубайлар Кудайым берип батасын Кубантсын эне атасын Кайырма: Кубанычтан ырдайт кудалар Бактылуу болсун жубайлар Ак батасын эненин Ак жолтой кылсын келинин Тостторго тосттор уланып Достору келди кубанып Кыргызымдын алып батасын Кубантсын эне атасын Зал толо колдор чабылып Бакалдар колдо кагылып Ак-тилек арзуу айтылып Ыр-күүсү жандуу жаңырып Бак болсун уул келинге Бактылуу кыргыз жеринде Батасы кыргыз тилинин Бактылуу кылсын келинин Апалар чачып чачыла Алгалай басат шашыла Ак жоолук салып башына Келинин өбүп ашыга
  • Жагалмай деген жапан куш, Жар ташка барып конгон жок. Жарпымды жазып тең курбум, ой, тобо, Жайлообуз бирге болгон жок, ой, тобо. Кыркыйек деген кыраан куш, Кыр ташка барып конгон жок. Кылыкташ менин тең курбум, ой, тобо, Кыр ташка барып конгон жок, ой, тобо. Алыска кетип калды деп, Асыл кеч курбум, муңайба.
  • Апа деген асыл экен, Ага теңдеш таппадым. Айткандары акыл экен, Келет анын актагым. Чарк айланып дүйнөнү, Мен айлансам да таппаймын. Эч бир жанга теңебесмин, Апакебай ардагым, ардагым. Эч бир жанга теңебесмин өзүңүздү, Апакебай ардагым, ардагым. Кайырма: Апа деген теңдеши жок зат тура, Акылманым, ыйык, кымбат, жаным апа. Дүйнөнү кезип бүтүн издесем да, Өзүңүздөй таппаймын жаным апа… Турмуш жолун, Көрсөттүңүз уул-кыздарга апаке, Убай тартып, түйшүк артып, Ар бирөөсүн өзүнчө. Мээрим чачып, Эркелеткен эмгегиңиз өзгөчө, Ак сүтүңдү актай алсам, Акылманым апаке, апаке. Ак сүтүңдү актай алсам ардагым, Акылманым апаке, апаке…
  • Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен калайык. Таңы да бар, багы да бар Жердин бети адам үчүн ылайык. Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум, Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун. Кайырма: Чаңкаганга, суусаганга, Булак болуп мен агайын. Кеч киргенде, жер бетине, Карегимден чыгак жасап жагайын. Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен адамдар. Жазы жаңы, жарык таңы, Келечекте бизди күткөн заман бар.