Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кетким келбейт»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кетким келбейт, өчкүм келбейт,
Жер бетинен калайык.
Таңы да бар, багы да бар
Жердин бети адам үчүн ылайык.
Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум,
Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун.
Кайырма:
Чаңкаганга, суусаганга,
Булак болуп мен агайын.
Кеч киргенде, жер бетине,
Карегимден чыгак жасап жагайын.
Кетким келбейт, өчкүм келбейт,
Жер бетинен адамдар.
Жазы жаңы, жарык таңы,
Келечекте бизди күткөн заман бар.

Другие песни исполнителя:

  • Жарыгын чачса күн сулуу, Жакшы сөз айтса тил сулуу. Жабыккан жүрөк жазылса, Жан дүйнөӊ сулуу дил сулуу. Акылман сөзүн айтышса, Кемпир да сулуу чал сулуу. Калыстык менен башкарып, Калкына жакса Хан сулуу. Кубулжуп сезим ээритсе, Созолонгон үн сулуу. Бейпилдик берип жыргатса, Капкараӊгы түн сулуу. Көк асманга көрк берген, Көгөрүп жаткан көл сулуу. Күнөөлүү пенде силерди. Көтөрүп турган жер сулуу. Кадырлап барктап сүйүшүп, Баш кошкон эки жар сулуу. Жазында беймаал жаабастан, Кышында жааган кар сулуу. Эзелтен баатыр чыдамкай, Эр жүрөк кыргыз Эл сулуу. Аскасы асман тиреген. Ала — Тоом сулуу жер сулуу.
  • Эсимде жаштык бактары, Эсепсиз эле түрлөрү. Эңилсе бизге шактары, Эринин тосчу гүлдөрү. Жадымда жаштык көктөмү, Жашылга жашыл жарашчу. Жалбырак турса өпкөнү, Жоодурап гүлдөр карашчу. Кайырма: Ошонун баары эсимде, Ошонун наары эсимде. Ой чулгап турган кезимде, Ошолор түшөт сезимге. Жалындап күйгөн өрттөгү, Жарк эткен издер табылчу. Жымыңдап күйгөн көктөгү, Жылдыздан чырак жагылчу. Беш көкүл элең гүл бурап, Бейиштен келген перидей. Булбулду коштоп үндү улап, Басчу элең назик берилей.