Казахские песни Узбекские песни

Песня «Энекем»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Апа деген асыл экен,
Ага теңдеш таппадым.
Айткандары акыл экен,
Келет анын актагым.
Чарк айланып дүйнөнү,
Мен айлансам да таппаймын.
Эч бир жанга теңебесмин,
Апакебай ардагым, ардагым.
Эч бир жанга теңебесмин өзүңүздү,
Апакебай ардагым, ардагым.
Кайырма:
Апа деген теңдеши жок зат тура,
Акылманым, ыйык, кымбат, жаным апа.
Дүйнөнү кезип бүтүн издесем да,
Өзүңүздөй таппаймын жаным апа…
Турмуш жолун,
Көрсөттүңүз уул-кыздарга апаке,
Убай тартып, түйшүк артып,
Ар бирөөсүн өзүнчө.
Мээрим чачып,
Эркелеткен эмгегиңиз өзгөчө,
Ак сүтүңдү актай алсам,
Акылманым апаке, апаке.
Ак сүтүңдү актай алсам ардагым,
Акылманым апаке, апаке…

Другие песни исполнителя:

  • Сагынуулар калган кезде чогулуп, Сырдашабыз аз да болсо жолугуп. Буга күбө бак кирпиктүү айлана Буга күбө көктө сүзгн ай гана. Көп сөздөрдү айткың келип турса да, Көкүрөктү сыр ташкыны урса да. Жашырасың сүйлөбөстөн чечилип, Жаз кабары калып жатат кечигип. Кайырма: Эмнегедир ачык айтпай сөзүңдү, Эзүүдөсүң, кыйноодосуң сезимди. Мүмкүн ойдун чиеленген түйүнү, Менден катып жаткан чыгаар сүйүүңдү. Жаз келгенде гүлүн ачаар сыр дагы, Жалбырактай кыналышып ыргагы. Күн шооласын төккөн кезде ынактай, Купуя ышкы ийип кетээр булактай
  • Дабалап татту жүрөктү Ыр дүйнө менен жашадым Сүйөмүн жарык ааламды Жашагым келет жашагым Дарысы курган жүрөктү Ырларым менин сырларым Ыр дүйнөдө жашаган Ырыстуу жаным ыргагым Кайырма: Бул өмүр бизге бир келет Сырлары күчтү керемет Туура жол тандап жашодо Сыймыктуу жаша эркелеп Ырларым жакса кубанам Ыйманга толсун бул аалам Ырыскы кут дагы төгүлсүн Ынтымак тарабыңдан Ыр дүйнө деген көрөңгө Кыргызым жакын өнөргө Оозунан ыры куюлган Акындар бизге жөрөлгө