Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жакшы адамдар»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жакшы сөз кандай жакшы жан эргитет.
Жакшынын ойлору бар мээ сергитет.
Жанашсаң андай жанга капысынан.
Жан дүйнөң аалам айды эркин кезет.
Жан дүйнөң аалам айды эркин кезет.
Кайырма:
Жакшы адам жылдыз сымал жанып турат.
Жүзүнөн жылуу нуру тамып турат.
Дидары аурасы таза жандар.
Дилиңе аруулукту салып турат.
Баарлаштым дал ошондой адам менен.
Баятан сыр чечиштим калаам менен.
Жүрөктөр шыбырашып жазылды чер.
Алдыга шилтеп таза кадам менен.
Баарлаштым Атакемдей адам менен.

Другие песни исполнителя:

  • Апа деген асыл экен, Ага теңдеш таппадым. Айткандары акыл экен, Келет анын актагым. Чарк айланып дүйнөнү, Мен айлансам да таппаймын. Эч бир жанга теңебесмин, Апакебай ардагым, ардагым. Эч бир жанга теңебесмин өзүңүздү, Апакебай ардагым, ардагым. Кайырма: Апа деген теңдеши жок зат тура, Акылманым, ыйык, кымбат, жаным апа. Дүйнөнү кезип бүтүн издесем да, Өзүңүздөй таппаймын жаным апа… Турмуш жолун, Көрсөттүңүз уул-кыздарга апаке, Убай тартып, түйшүк артып, Ар бирөөсүн өзүнчө. Мээрим чачып, Эркелеткен эмгегиңиз өзгөчө, Ак сүтүңдү актай алсам, Акылманым апаке, апаке. Ак сүтүңдү актай алсам ардагым, Акылманым апаке, апаке…
  • Эсимде жаштык бактары, Эсепсиз эле түрлөрү. Эңилсе бизге шактары, Эринин тосчу гүлдөрү. Жадымда жаштык көктөмү, Жашылга жашыл жарашчу. Жалбырак турса өпкөнү, Жоодурап гүлдөр карашчу. Кайырма: Ошонун баары эсимде, Ошонун наары эсимде. Ой чулгап турган кезимде, Ошолор түшөт сезимге. Жалындап күйгөн өрттөгү, Жарк эткен издер табылчу. Жымыңдап күйгөн көктөгү, Жылдыздан чырак жагылчу. Беш көкүл элең гүл бурап, Бейиштен келген перидей. Булбулду коштоп үндү улап, Басчу элең назик берилей.