Казахские песни Узбекские песни

Песня «Умут»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Кыялап баскан жолуңда, Кызыл гүл болуп жайнасаң. Борошо күнү торуңда, Босторгой болуп сайрасаң, Чыгар беле арманым. Жетер беле дарманым, Кайырма: Жалгыз гү бар, арасында гүлүмдүн, Жалгыз из бир, тереңинде билинди. Экөөнү тең, бир өзүңө арнагам, Дайым сенин ышкы отуңа кармалам. Гүлдүн мага кызылы жок, Сен аны өстүрбөсөң. Дилдин мага кызыгы жок, Назданып өптүрбөсөң. Чыгар беле арманым, Жетер беле дарманым.
  • Апа деген асыл экен, Ага теңдеш таппадым. Айткандары акыл экен, Келет анын актагым. Чарк айланып дүйнөнү, Мен айлансам да таппаймын. Эч бир жанга теңебесмин, Апакебай ардагым, ардагым. Эч бир жанга теңебесмин өзүңүздү, Апакебай ардагым, ардагым. Кайырма: Апа деген теңдеши жок зат тура, Акылманым, ыйык, кымбат, жаным апа. Дүйнөнү кезип бүтүн издесем да, Өзүңүздөй таппаймын жаным апа… Турмуш жолун, Көрсөттүңүз уул-кыздарга апаке, Убай тартып, түйшүк артып, Ар бирөөсүн өзүнчө. Мээрим чачып, Эркелеткен эмгегиңиз өзгөчө, Ак сүтүңдү актай алсам, Акылманым апаке, апаке. Ак сүтүңдү актай алсам ардагым, Акылманым апаке, апаке…
  • Ак тойлор, тойлор уланып Жүрөктөр толо кубанып Ыймандуу болсун жаштар деп Ата-эне турат кубанып Той толо келди кудалар Толкундап жаш жубайлар Кудайым берип батасын Кубантсын эне атасын Кайырма: Кубанычтан ырдайт кудалар Бактылуу болсун жубайлар Ак батасын эненин Ак жолтой кылсын келинин Тостторго тосттор уланып Достору келди кубанып Кыргызымдын алып батасын Кубантсын эне атасын Зал толо колдор чабылып Бакалдар колдо кагылып Ак-тилек арзуу айтылып Ыр-күүсү жандуу жаңырып Бак болсун уул келинге Бактылуу кыргыз жеринде Батасы кыргыз тилинин Бактылуу кылсын келинин Апалар чачып чачыла Алгалай басат шашыла Ак жоолук салып башына Келинин өбүп ашыга
  • Умсундуруп учкундарын сезимдин, Эмнегедир сөз катпадың унчугуп. Кабылдым эй, карегине көзүңдүн, Чөгүп кеттим тереңине тумчугуп. Толкундары ээрчип мени шашыла, Жан талашып кирпигиңе асылам. Чабалактайм, анан кайра басылам, Чыгарып кой, аркан жасап чачыңан. Кайырма: Өзүм билбейм, кантип келдим көлүңө, Көрүнбөгөн жиптер менен байланып. Туткун болдум карегиңдин көлүнө, Канча мезгил жүрөм анда айланып? Телмиремин тереңинде күнү-түн, Көрбөгөнмүн ушунчалык кыйноону. Муздан кылба муңканган бүт үмүттү, Же унутуп калгансыңбы сыйлоону? Куткаргын сен, каршы болбой сөзүмө, Көз ирмемче өзүң калдың өзүмө. Кандай күч бар, бүткүл сезим тартылып, Кайра чөгүп баратамын көзүңө.