Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жубайыма»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бул дүйнөм, бул өмүрүм сени менен го,
Ырысым, ырыскым да сени менен го.
Күлкүсү балдарымдын сени менен го,
Бактылуу көз ирмемдер сени менен го.
Кайырма:
Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен,
Ак тилек менен убайым тартарым сен.
Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен,
Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым,
Сүйгөнүм, жубайым сен.
Жашаймын күлүп турган көздөрүӊ менен,
Жашаймын сүйөм деген, сөздөрүӊ менен.
Жадабай миӊ ырахмат айтсам да аз го,
Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген.
Кайырма:
Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен,
Ак тилек менен убайым тартарым сен.
Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен,
Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым,
Сүйгөнүм, жубайым сен.
Күндөрү жаштыгымдын сени менен го,
Жашоонун жакшылыгы сени менен го.
Бактысы балдарымдын сени менен го,
Бул дүйнө, бул өмүрүм сени менен го.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүмдө сакталаган сыр элең сен, сыр элең, Жарык берген үмүткө, нур элең сен, Бассам турсам шыгылап медер болуп, Жазыла элек буйтолуп ыр элең сен Жаз башында жарк этип, төрөлдүң сен, төрөлдүң Жарык берген үмүткө бөлөндүң сен Жүрөгүмө нур төгүп кубанычым Жазгы бактай бүр байлап көгөрдүм мен Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат, Көңүлүмө таң атсын гүлдөр жайнап. Кубат алып күлкүңөн өмүрүмө, Көкөлөйүн асманга канат байлап. Көкөлөйүн асманга канат байлап. Күлкүң кайрат, күлкүң кайрат, Ата-эңене күлкүң кайрат. Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат, Көңүлүмө таң атсын гүлдөр жайнап. Кубат алып күлкүңөн өмүрүмө, Көкөлөйүн асманга канат байлап. Көкөлөйүн асманга канат байлап.
  • Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен калайык. Таңы да бар, багы да бар Жердин бети адам үчүн ылайык. Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум, Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун. Кайырма: Чаңкаганга, суусаганга, Булак болуп мен агайын. Кеч киргенде, жер бетине, Карегимден чыгак жасап жагайын. Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен адамдар. Жазы жаңы, жарык таңы, Келечекте бизди күткөн заман бар.
  • Той күтүнүп ак жоолукчан, Бой жеткен белең билинбей. Келгин куштай колдон учкан, Кезинде кантем күйүнбөй. Таалайыңа талпынасың, Башынан дүйнө ушундай. Мөлт этсе да тамчы жашым, Бакыт жок ушул учурдай. Кайырма: Аруу кызым, ананайын, Жар болгунуң жакшыга. Балапансың мага дайым, Айлансаң да ак кууга. Сага берем ак батамды, Бактылуу бол, нур кызым. Кубандырып эне-атаңды, Тунук болсун турмушуң. Жарың менен дүйнө жаркын, Башыңа алтын куш конуп. Эркелегиң үйдө калсын, Жаңы үйгө баргын кут болуп. Атала көр, жакшы келин, Ак жоолук түшпөй башыңан. Билгизип да ак тилегим, Биринчи бийге чакырам.