Казахские песни Узбекские песни

Песня «Махабат сереси»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Түшүмдө да, өңүмдө да элесиң,
Тарта берет махабаттын желесин.
Учуп түшкөн жалбырактан көз албай,
Улам карайм убакыттын жебесин.
Бийик тоого бирге экөөбүз чыгалы,
Бизге калыс улар үнүн угалы.
Карегиңе карегимди ширетсем,
Канар бекен сагынычтын кумары.
Кайырма:
Чалкып жаткан көл калаасын бойлойлу,
Чын сүйүүнүн ырахатын ойлойлу.
Түрмөктөлүп бизди карай умтулган,
Толкундарга таш ыргытып ойнойлу.
Куулар учту, биз да канат кагалы,
Күтүп турат көктө күндүн жамалы.
Кучагына кең ааламдын тартылып,
Көкүрөккө жылдыздарды тагалы.
Өтүп жатат мезгилди ээрчип дил күчү,
Өмүрүмө жаз тартуулап гүлдөчү.
Мүнүшкөрдүн шумкарындай учайын,
Махабабаттын сересине үндөчү.

Другие песни исполнителя:

  • Боз салкын, арча-зоолуу нары, Айлана тынчтыктан кубанып Көкөлөп эргиген жүрөгүм Көктөмдү эңсеткен чүрөгүм Булуттар бозоруп бурганак Суу жээги жайнаган чырганак Зымырап ойгонгон кыялым Ыр менен күттүргөн кумарым Жел менен көл түсү ыргалат Көл менен күн нуру чагылат Мен сени ыр менен айралбай Же сага же ырга жете албай Мен сени ыр менен айралбай Же сага же ырга жете албай, Бос салкын.
  • “АТА” Үшүбөйсүң атаң бар да. Кубат берет Ата жанга. Тааныш билем бул сезимдер. Атасы жок Ата зарга. Ата барда бата коштоп Ата жокто аалам бопбош Атасы бар байтеректей. Атасы жок талга окшош Атасы жок бала бопбоз. Кайырма: Атам дайым журөктөсүң Атасы жок күн өтпөсүн. Элесиңди сактап турган . Дубалдагы сурөттөсүң. Атасы жок күн өтпөсүн. Жүрөгүмдө мээрим толуп Бакыт билем Ата болуш. Атасы жок Ата болдум. Балдарымда Ата болуп. Бошобосун Ата конуш. Кайырма: Атам дайым журөктөсүң Атасы жок күн өтпөсүн. Элесиңди сактап турган . Дубалдагы сурөттөсүң Атасы жок күн өтпөсүн Кайырма: Атам дайым журөктөсүң Атасы жок күн өтпөсүн. Элесиңди сактап турган . Дубалдагы сурөттөсүң Атам дайым жүрөктөсүң