Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

“АТА”
Үшүбөйсүң атаң бар да.
Кубат берет Ата жанга.
Тааныш билем бул сезимдер.
Атасы жок Ата зарга.
Ата барда бата коштоп
Ата жокто аалам бопбош
Атасы бар байтеректей.
Атасы жок талга окшош
Атасы жок бала бопбоз.
Кайырма:
Атам дайым журөктөсүң
Атасы жок күн өтпөсүн.
Элесиңди сактап турган .
Дубалдагы сурөттөсүң.
Атасы жок күн өтпөсүн.
Жүрөгүмдө мээрим толуп
Бакыт билем Ата болуш.
Атасы жок Ата болдум.
Балдарымда Ата болуп.
Бошобосун Ата конуш.
Кайырма:
Атам дайым журөктөсүң
Атасы жок күн өтпөсүн.
Элесиңди сактап турган .
Дубалдагы сурөттөсүң
Атасы жок күн өтпөсүн
Кайырма:
Атам дайым журөктөсүң
Атасы жок күн өтпөсүн.
Элесиңди сактап турган .
Дубалдагы сурөттөсүң
Атам дайым жүрөктөсүң

Другие песни исполнителя:

  • Түшүнсөң сени сүйүп жакшы көрө албаймын , Түшүнчү мени кечир көңүл бөлө албаймын. Азгырбагын азгырылбайм Мени сүйдүрбөгүн сүйө албаймын Айланбачы ак көпөлөк, айланбачы ак көпөлөк Кайырма: Айланба ак көпөлөк, ак көпөлөк Акмалап ак көпөлөк, ак көпөлөк Сүйүүм бар менин бөлөк, күткөнүм менин бөлөк, Сүйгөнүм менин бөлөк. Байланбайм мага арнаган сүйүүңдүн желесине, Бара албайм сен чакырган сезимдин сересине. Күлүп турдуң күлө албадым Мени сүйүп турдуң сүйө албадым Болду эми ак көпөлөк, болду эми ак көпөлөк
  • Той күтүнүп ак жоолукчан, Бой жеткен белең билинбей. Келгин куштай колдон учкан, Кезинде кантем күйүнбөй. Таалайыңа талпынасың, Башынан дүйнө ушундай. Мөлт этсе да тамчы жашым, Бакыт жок ушул учурдай. Кайырма: Аруу кызым, ананайын, Жар болгунуң жакшыга. Балапансың мага дайым, Айлансаң да ак кууга. Сага берем ак батамды, Бактылуу бол, нур кызым. Кубандырып эне-атаңды, Тунук болсун турмушуң. Жарың менен дүйнө жаркын, Башыңа алтын куш конуп. Эркелегиң үйдө калсын, Жаңы үйгө баргын кут болуп. Атала көр, жакшы келин, Ак жоолук түшпөй башыңан. Билгизип да ак тилегим, Биринчи бийге чакырам.
  • Умсундуруп учкундарын сезимдин, Эмнегедир сөз катпадың унчугуп. Кабылдым эй, карегине көзүңдүн, Чөгүп кеттим тереңине тумчугуп. Толкундары ээрчип мени шашыла, Жан талашып кирпигиңе асылам. Чабалактайм, анан кайра басылам, Чыгарып кой, аркан жасап чачыңан. Кайырма: Өзүм билбейм, кантип келдим көлүңө, Көрүнбөгөн жиптер менен байланып. Туткун болдум карегиңдин көлүнө, Канча мезгил жүрөм анда айланып? Телмиремин тереңинде күнү-түн, Көрбөгөнмүн ушунчалык кыйноону. Муздан кылба муңканган бүт үмүттү, Же унутуп калгансыңбы сыйлоону? Куткаргын сен, каршы болбой сөзүмө, Көз ирмемче өзүң калдың өзүмө. Кандай күч бар, бүткүл сезим тартылып, Кайра чөгүп баратамын көзүңө.
  • Дабалап татту жүрөктү Ыр дүйнө менен жашадым Сүйөмүн жарык ааламды Жашагым келет жашагым Дарысы курган жүрөктү Ырларым менин сырларым Ыр дүйнөдө жашаган Ырыстуу жаным ыргагым Кайырма: Бул өмүр бизге бир келет Сырлары күчтү керемет Туура жол тандап жашодо Сыймыктуу жаша эркелеп Ырларым жакса кубанам Ыйманга толсун бул аалам Ырыскы кут дагы төгүлсүн Ынтымак тарабыңдан Ыр дүйнө деген көрөңгө Кыргызым жакын өнөргө Оозунан ыры куюлган Акындар бизге жөрөлгө