Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кат жаздым»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ышкыдар болуп гүлүңө,
Ыр жазам сага күнүгө.
Ачылсын десең кабагым,
Ай болуп чыкчы түнүмө.
Көз артпай турган сен белең,
Көкүттө калчу мен белем?
Көңүлгө батпай сагыныч,
Күн нуру менен тең келет.
Кайырма:
Арманым менин арылмак,
Асыл бир максат табылмак.
Ааламга аруу нур төгүп,
Ашыктык жолу жаңырмак.
Гүлкайыр десем, чөп дейсиң,
Гүлшайыр десем, “Өх-х” дейсиң.
Көргөнү келсем таң менен,
Көзүңдү артпай, өп дейсиң.
Ташкындап турса суу толуп,
Толкунда жүрсөң куу болуп.
Тилекке улап тилекти,
Таң нуру тийсе туу болуп.
Күн нуру өлөт, мен калам,
Күн нуру өчөт, мен жанам.
Чаңкоосун дилдин баса албай,
Шар аккан суу менен бирге агам.

Другие песни исполнителя:

  • Жагалмай деген жапан куш, Жар ташка барып конгон жок. Жарпымды жазып тең курбум, ой, тобо, Жайлообуз бирге болгон жок, ой, тобо. Кыркыйек деген кыраан куш, Кыр ташка барып конгон жок. Кылыкташ менин тең курбум, ой, тобо, Кыр ташка барып конгон жок, ой, тобо. Алыска кетип калды деп, Асыл кеч курбум, муңайба.
  • Сагындырып, жалындырып, Жолугууга камындырып. Жомок болуп кезиктиң да, Кеттиң жолдон жаңылдырып. Кызуулатып, ызылдатып, Тынч күнүмдү ызылдатып. Жараатымды не ырбаттың, ай? Туз сепкендей тызылдатып. Кайырма: Мас кылдырып, соолуктуруп, Махабатка оолуктуруп. Ажырадым акылымдан, Акыл-эстүү болуп туруп. Келем аны жыйнай албай, Кеттиң жалгыз, калдым сагалай. Убал жоктур ушу мага, Уйпаладың өчүң бардай. Кызуулатып, ызылдатып, Тынч күнүмдү ызылдатып. Жараатымды не ырбаттың, ай? Туз сепкендей тызылдатып.