Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынам»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Кара-Кочкор – ата-бабам өткөн жер, Киндик каным көздүн жашын төккөн жер. Бул дүйнөгө келген кезде мен дагы, Эркелетип эң биринчи өпкөн жер. Биринчи ирет сага жуугам жүзүмдү, Биринчи ирет сен көргөнсүң изимди. Сенде өттү көктөм кези өмүрдүн, Сен баштадың биринчи өмүр күзүмдү. Кешиктешмин өзүңө, төрөлгөнмүн. Кетпейт эстен Сөөк жайлоо, көгөргөнүң. Канча көрсөм ошончо сүйкүмдүүсүң, Калп айталбайм күн күбө төбөмдөгү. Жылдарды ээрчип кош айтышып балалык, Жигит болдум эртели-кеч таранып, Кыш чилдеде кыз дилине гүл эгип, Куттуу таңдар ата берди агарып.
  • Булбул үнүн угуп багынам, Узак калган жаздын гүлүн сагынам. Лира десте жасап алып ышкындан, Күтөм сени карегиңдин таңынан. Арманым жок азабыңды тартсам да, Таалайыма гүл өстүрчү жаңыдан. Кайырма: Жалооруймун элесиңе билеби? Арзуумдун болор бекен тиреги? Насип буйруп дилди баар даарыса, Ышкы аптабын сезер бекен жүрөгү? Мээримиңе мээримимди ширетип, Алоосуна тартар бекен тилеги? Булак үнүн угуп сүйүү аскадан, Улуу тоого арзуумду айтып даттанам. Лазатына тартылам булактын. Кырчын чактын дарчасына баш багам, Ашыктыктын гүлүн тигип жолуңа, Таңды тосуп барткансыйт кош кадам. Кайырма: Шашып-шашып чыгат менин добушум, Аяз чырмап баратат бийим конушу. Ырайымдуулук каалгасын кең ачып, Иликтечү күндүн кутман болушу. Периштедей бир көрүнүп көзүмө, Ашыктыктын баштап койдуң согушун.