Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ким сулуу?»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жарыгын чачса күн сулуу,
Жакшы сөз айтса тил сулуу.
Жабыккан жүрөк жазылса,
Жан дүйнөӊ сулуу дил сулуу.
Акылман сөзүн айтышса,
Кемпир да сулуу чал сулуу.
Калыстык менен башкарып,
Калкына жакса Хан сулуу.
Кубулжуп сезим ээритсе,
Созолонгон үн сулуу.
Бейпилдик берип жыргатса,
Капкараӊгы түн сулуу.
Көк асманга көрк берген,
Көгөрүп жаткан көл сулуу.
Күнөөлүү пенде силерди.
Көтөрүп турган жер сулуу.
Кадырлап барктап сүйүшүп,
Баш кошкон эки жар сулуу.
Жазында беймаал жаабастан,
Кышында жааган кар сулуу.
Эзелтен баатыр чыдамкай,
Эр жүрөк кыргыз Эл сулуу.
Аскасы асман тиреген.
Ала — Тоом сулуу жер сулуу.

Другие песни исполнителя:

  • Бул дүйнөм, бул өмүрүм сени менен го, Ырысым, ырыскым да сени менен го. Күлкүсү балдарымдын сени менен го, Бактылуу көз ирмемдер сени менен го. Кайырма: Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен, Ак тилек менен убайым тартарым сен. Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен, Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым, Сүйгөнүм, жубайым сен. Жашаймын күлүп турган көздөрүӊ менен, Жашаймын сүйөм деген, сөздөрүӊ менен. Жадабай миӊ ырахмат айтсам да аз го, Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген. Кайырма: Ак сүйүү менен алганым, жубайым сен, Ак тилек менен убайым тартарым сен. Ак үйүмдүн күнү, Кудай кошкон айым сен, Ооруба ылайым, күлүп жүрчү дайым, Сүйгөнүм, жубайым сен. Күндөрү жаштыгымдын сени менен го, Жашоонун жакшылыгы сени менен го. Бактысы балдарымдын сени менен го, Бул дүйнө, бул өмүрүм сени менен го.