Казахские песни Узбекские песни

Песня «Гульдор»
исполнителя Ынак Осмоналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып,
Түндөр уктайт чолпон жылдыз тагынып.
Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып,
Мен уктабайм түндө сени сагынып.
Мен таарынам, бирок мага таарынба,
Мен сагынам, жаным, мени сагынба.
Сезимдердин сересине чыгарда,
Сен кабылба мен кабылган тагдырга.
Окубачы ыйлап жазган катымды,
Сен көрбөчү көздөн аккан жашымды.
Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым?
Карагаттай көздөрүңдү сагындым.
Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып,
Мен уктабайм түндө сени сагынып.

Другие песни исполнителя:

  • Мен сага келемин айлуу кечте, Ортодо сүйүү бар го деймин бизде. Отуруп экөөбүз көпкө чейин, Кетчү элем мен кайра түн ичинде. Кайырма: Сүйөм деп мен сага айта албайм, Сүйөрүңдү бир өзүңдөн байкай албайм. Алтыным, жаныңдан чыккым келбей, Келген соң кайра мен кайта албай. Ох, жаным, сен мени ойлойсуңбу? Ойлосоң сүйөмүн деп койбойсуңбу? Эгерде дос балдар сөз кылышса, Ал менин сүйгөнүм деп коргойсуңбу? Кайырма: Ар кечте сагынам адатымча, Өзүңдөн сүрдөнөм неге мынча? Кыйнабай, жалооруп аяп койчу, Бул кечте сүйүүмдү айтам сага
  • Карагат кара көздөрүң, Катасыз тийген ок беле? Моминтип болдум ай, жарадар, Мумия дарың жок беле? Каалады жүрөк жактырды, Канткенде сени кыямын. Мен жалгыз, сен дагы жалгыз. Болоюн сенин ынагың. Карадым кара көздөрүң, Катасыз тийген ок беле? Жүрөгүм болду жарадар, Сүйүүгө дарың жок беле? Моминтип болдум жарадар, Мумия дарың жок беле?
  • Кайдасын айтчы барайын, Сагындым сенин карааның. Ашыгып калдым кантейин, Жүрөгүңө жолду табайын. Кайырма: Жүрөгүм толкуй, толкуйт кантейин, Оюмдан жалгыз өзүң кетпедиң. Сагынып сени турсам да, А бирок мага келбейсиң. Секелек сулуу периштем, Дечү элем жаным сени мен. Чок таштап менин сүйүүмө, Башкага кеттиң эми сен. Кайырма: Кызыл гүл сунсам албайсың, Жигиттен жигит тандайсың. Ошол бир сүйгөн жигитиң, Таштап бир кетсе кандайсын? Кайырма: Ак сүйүүм менен арбалдым, Алтыным мага келбейсиң.