Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мумия»
исполнителя Ынак Осмоналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Карагат кара көздөрүң,
Катасыз тийген ок беле?
Моминтип болдум ай, жарадар,
Мумия дарың жок беле?
Каалады жүрөк жактырды,
Канткенде сени кыямын.
Мен жалгыз, сен дагы жалгыз.
Болоюн сенин ынагың.
Карадым кара көздөрүң,
Катасыз тийген ок беле?
Жүрөгүм болду жарадар,
Сүйүүгө дарың жок беле?
Моминтип болдум жарадар,
Мумия дарың жок беле?

Другие песни исполнителя:

  • Ушул ырым сага арнадым, Оо, сүйгөнүм, менин ардагым. Сүйүп жүрүп сага жетпедим, Кимге айтам эми арманым? Кайырма: Алыстаса менден карааның, Аянычтуу карап каламын. А сен болсо кете бересиң, Кучагында бөлөк баланын. Алыс кетсе менден карааның, Кызганычтуу карап турамын. А сен болсо кете бересиң, Кучагында бөлөк баланын. Бар экен деп уккам сүйгөнүң, Менден башка бөлөк жүргөнүң. Тагдыр деген ушул турбайбы, Сүйгөнү менен бирге кылбайбы? Кайырма: Кетсең эми кете бергиниң, Эми сени көрөр бекенмин? Түбөлүккө эстеп жүрөрмүн, Сени менен жүргөн күндөрдү.
  • Сүйүп, сүйүп сени болдум убара, Сүйөм деген сенин кана убадаң? Сезимимден өчтүң тийген нур сымал, Жүрөгүмдөн чыктың, кеттиң башкага. Кайырма: Ак сүйүүм сен элең го, Сенден башка жок эле го. Кучагыма бекем кысып, Сүйөмүн деп айтчу элең го. Жүрүп, жүрүп, кимди сүйөр экенсиң, Кадырына анын жетер бекенсиң? Торго салып коюп сыйкыр күч менен, Мерезденип кайра кетер бекенсиң? Кайырма: Ойго салып мени болду азгырба, Жаратымды козгоп кайра жанчыба. Бактылуулук күндөр өтүп кетти окшойт, Сүйдүрөм деп кайра болбо убара.
  • Окуп бүткөн мектебимде, Жаш секелекке суктанам. Иним окуйт дегенсип, Шылтоо кылып мен барам. Топ кыздардын арасында, Өзгөчөмсүң өзгөчөм. Сыйкырдуу бир күчүң бардай, Тартат мени өзүңө. Кайырма Кичинекей жаш сезим, Жүрөгүмдү жаралайт. Макул болсоң теңим болчу, Сүйүү жашка карабайт. Чанда, чанда барчу болдум, Ал мектепке мен улам. Уялгансып жылмаясың, Атың ким деп сурасам. Окуучулук күнүмдү эстеп, Отурсам дейм жаныңда. Сүйүү дептер сага арнап, Барактарын толтурсам. Кайырма Кичинекей жаш сезим, Жүрөгүмдү жаралайт. Алып качып кетсем окшойт, Качан мектеп аяктайт?
  • Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып, Түндөр уктайт чолпон жылдыз тагынып. Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып, Мен уктабайм түндө сени сагынып. Мен таарынам, бирок мага таарынба, Мен сагынам, жаным, мени сагынба. Сезимдердин сересине чыгарда, Сен кабылба мен кабылган тагдырга. Окубачы ыйлап жазган катымды, Сен көрбөчү көздөн аккан жашымды. Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым? Карагаттай көздөрүңдү сагындым. Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып, Мен уктабайм түндө сени сагынып.