Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаш сезим»
исполнителя Ынак Осмоналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Окуп бүткөн мектебимде,
Жаш секелекке суктанам.
Иним окуйт дегенсип,
Шылтоо кылып мен барам.
Топ кыздардын арасында,
Өзгөчөмсүң өзгөчөм.
Сыйкырдуу бир күчүң бардай,
Тартат мени өзүңө.
Кайырма
Кичинекей жаш сезим,
Жүрөгүмдү жаралайт.
Макул болсоң теңим болчу,
Сүйүү жашка карабайт.
Чанда, чанда барчу болдум,
Ал мектепке мен улам.
Уялгансып жылмаясың,
Атың ким деп сурасам.
Окуучулук күнүмдү эстеп,
Отурсам дейм жаныңда.
Сүйүү дептер сага арнап,
Барактарын толтурсам.
Кайырма
Кичинекей жаш сезим,
Жүрөгүмдү жаралайт.
Алып качып кетсем окшойт,
Качан мектеп аяктайт?

Другие песни исполнителя:

  • Ушул ырым сага арнадым, Оо, сүйгөнүм, менин ардагым. Сүйүп жүрүп сага жетпедим, Кимге айтам эми арманым? Кайырма: Алыстаса менден карааның, Аянычтуу карап каламын. А сен болсо кете бересиң, Кучагында бөлөк баланын. Алыс кетсе менден карааның, Кызганычтуу карап турамын. А сен болсо кете бересиң, Кучагында бөлөк баланын. Бар экен деп уккам сүйгөнүң, Менден башка бөлөк жүргөнүң. Тагдыр деген ушул турбайбы, Сүйгөнү менен бирге кылбайбы? Кайырма: Кетсең эми кете бергиниң, Эми сени көрөр бекенмин? Түбөлүккө эстеп жүрөрмүн, Сени менен жүргөн күндөрдү.
  • Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып, Түндөр уктайт чолпон жылдыз тагынып. Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып, Мен уктабайм түндө сени сагынып. Мен таарынам, бирок мага таарынба, Мен сагынам, жаным, мени сагынба. Сезимдердин сересине чыгарда, Сен кабылба мен кабылган тагдырга. Окубачы ыйлап жазган катымды, Сен көрбөчү көздөн аккан жашымды. Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым? Карагаттай көздөрүңдү сагындым. Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып, Мен уктабайм түндө сени сагынып.