Казахские песни Узбекские песни

Песня «Таластык кыз»
исполнителя Ынак Осмоналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Түбүндө турам дарактын, Түйшүгүн тартам азаптын, Карааның издейм алыстан, жаным. Шурусуң, берметсиң, Ак куудай келбетиң, Жамалың жанды азгырат, жаным. Кайырма: Сени сүйөм, сени күтөм, Сенден гана үмүт үзбөйм. Сени сүйөм, сени күтөм, Сен деп гана жашап жүрөм. Ашыктык оту кыйнады, Жүрөгүм сени кыйбады. Жан дүйнөм тартат өзүңө, жаным. Сен айткан жерге барайын, Сени издеп өзүм табайын. Ошондо жарпым жазылат, жаным.
  • Карагат кара көздөрүң, Катасыз тийген ок беле? Моминтип болдум ай, жарадар, Мумия дарың жок беле? Каалады жүрөк жактырды, Канткенде сени кыямын. Мен жалгыз, сен дагы жалгыз. Болоюн сенин ынагың. Карадым кара көздөрүң, Катасыз тийген ок беле? Жүрөгүм болду жарадар, Сүйүүгө дарың жок беле? Моминтип болдум жарадар, Мумия дарың жок беле?
  • Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап, Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап, Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап. Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар, Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал. Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан, Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан, Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там. Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там. Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар, Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал. Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап, Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап. Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап, Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап. Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар, Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
  • Кайдасын айтчы барайын, Сагындым сенин карааның. Ашыгып калдым кантейин, Жүрөгүңө жолду табайын. Кайырма: Жүрөгүм толкуй, толкуйт кантейин, Оюмдан жалгыз өзүң кетпедиң. Сагынып сени турсам да, А бирок мага келбейсиң. Секелек сулуу периштем, Дечү элем жаным сени мен. Чок таштап менин сүйүүмө, Башкага кеттиң эми сен. Кайырма: Кызыл гүл сунсам албайсың, Жигиттен жигит тандайсың. Ошол бир сүйгөн жигитиң, Таштап бир кетсе кандайсын? Кайырма: Ак сүйүүм менен арбалдым, Алтыным мага келбейсиң.