Казахские песни Узбекские песни

Песня «Журогум»
исполнителя Ынак Осмоналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайдасын айтчы барайын,
Сагындым сенин карааның.
Ашыгып калдым кантейин,
Жүрөгүңө жолду табайын.
Кайырма:
Жүрөгүм толкуй, толкуйт кантейин,
Оюмдан жалгыз өзүң кетпедиң.
Сагынып сени турсам да,
А бирок мага келбейсиң.
Секелек сулуу периштем,
Дечү элем жаным сени мен.
Чок таштап менин сүйүүмө,
Башкага кеттиң эми сен.
Кайырма:
Кызыл гүл сунсам албайсың,
Жигиттен жигит тандайсың.
Ошол бир сүйгөн жигитиң,
Таштап бир кетсе кандайсын?
Кайырма:
Ак сүйүүм менен арбалдым,
Алтыным мага келбейсиң.

Другие песни исполнителя:

  • Окуп бүткөн мектебимде, Жаш секелекке суктанам. Иним окуйт дегенсип, Шылтоо кылып мен барам. Топ кыздардын арасында, Өзгөчөмсүң өзгөчөм. Сыйкырдуу бир күчүң бардай, Тартат мени өзүңө. Кайырма Кичинекей жаш сезим, Жүрөгүмдү жаралайт. Макул болсоң теңим болчу, Сүйүү жашка карабайт. Чанда, чанда барчу болдум, Ал мектепке мен улам. Уялгансып жылмаясың, Атың ким деп сурасам. Окуучулук күнүмдү эстеп, Отурсам дейм жаныңда. Сүйүү дептер сага арнап, Барактарын толтурсам. Кайырма Кичинекей жаш сезим, Жүрөгүмдү жаралайт. Алып качып кетсем окшойт, Качан мектеп аяктайт?
  • Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап, Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап, Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап. Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар, Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал. Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан, Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан, Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там. Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там. Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар, Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал. Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап, Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап. Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап, Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап. Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар, Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.