Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апак кар»
исполнителя Ынак Осмоналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап,
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап,
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан,
Жолумдан жолуксаң, кымбатым ак жоолукчан,
Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там.
Көз албастан карай берем сымбатыңа берип там.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап,
Кызгалдак, кызгалдак, кызгалдактай кызга арнап.
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап,
Ырдап жатам кыш кечинде, шамал коштойт ызгарлап.
Аппак кар, аппак кар, аппак кардай сүйүүм бар,
Аппак кардай, айперим, ай, ак сүйүүмдү кабыл ал.

Другие песни исполнителя:

  • Мен сага келемин айлуу кечте, Ортодо сүйүү бар го деймин бизде. Отуруп экөөбүз көпкө чейин, Кетчү элем мен кайра түн ичинде. Кайырма: Сүйөм деп мен сага айта албайм, Сүйөрүңдү бир өзүңдөн байкай албайм. Алтыным, жаныңдан чыккым келбей, Келген соң кайра мен кайта албай. Ох, жаным, сен мени ойлойсуңбу? Ойлосоң сүйөмүн деп койбойсуңбу? Эгерде дос балдар сөз кылышса, Ал менин сүйгөнүм деп коргойсуңбу? Кайырма: Ар кечте сагынам адатымча, Өзүңдөн сүрдөнөм неге мынча? Кыйнабай, жалооруп аяп койчу, Бул кечте сүйүүмдү айтам сага
  • Карагат кара көздөрүң, Катасыз тийген ок беле? Моминтип болдум ай, жарадар, Мумия дарың жок беле? Каалады жүрөк жактырды, Канткенде сени кыямын. Мен жалгыз, сен дагы жалгыз. Болоюн сенин ынагың. Карадым кара көздөрүң, Катасыз тийген ок беле? Жүрөгүм болду жарадар, Сүйүүгө дарың жок беле? Моминтип болдум жарадар, Мумия дарың жок беле?
  • Кайдасын айтчы барайын, Сагындым сенин карааның. Ашыгып калдым кантейин, Жүрөгүңө жолду табайын. Кайырма: Жүрөгүм толкуй, толкуйт кантейин, Оюмдан жалгыз өзүң кетпедиң. Сагынып сени турсам да, А бирок мага келбейсиң. Секелек сулуу периштем, Дечү элем жаным сени мен. Чок таштап менин сүйүүмө, Башкага кеттиң эми сен. Кайырма: Кызыл гүл сунсам албайсың, Жигиттен жигит тандайсың. Ошол бир сүйгөн жигитиң, Таштап бир кетсе кандайсын? Кайырма: Ак сүйүүм менен арбалдым, Алтыным мага келбейсиң.
  • Сүйүп, сүйүп сени болдум убара, Сүйөм деген сенин кана убадаң? Сезимимден өчтүң тийген нур сымал, Жүрөгүмдөн чыктың, кеттиң башкага. Кайырма: Ак сүйүүм сен элең го, Сенден башка жок эле го. Кучагыма бекем кысып, Сүйөмүн деп айтчу элең го. Жүрүп, жүрүп, кимди сүйөр экенсиң, Кадырына анын жетер бекенсиң? Торго салып коюп сыйкыр күч менен, Мерезденип кайра кетер бекенсиң? Кайырма: Ойго салып мени болду азгырба, Жаратымды козгоп кайра жанчыба. Бактылуулук күндөр өтүп кетти окшойт, Сүйдүрөм деп кайра болбо убара.
  • Жумушум бардай байкеде эле, Үйүңө барам атайын эле. Ийилип сунган чайыңды унутуп, Суктанып кечке караймын неге? Караймын неге, караймын неге? Карегим сизге кадалат жеңе. Ак сүйүү болсо кечиктим беле, Армандуу ишке кезиктим беле? Жылмайып мени карап койсоңуз, Сезиле берет сүйгөндөй эле. Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле, Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе. Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе, Айталбайм эми, сүйүүмдү деле. Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке, Алыс жүрөйүн, аттиң ай, жеңе. Аттиң ай жеңе, аттиң ай, жеңе, Арманда сыздайм сүбөйсүң неге? Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе.