Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жене»
исполнителя Ынак Осмоналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жумушум бардай байкеде эле,
Үйүңө барам атайын эле.
Ийилип сунган чайыңды унутуп,
Суктанып кечке караймын неге?
Караймын неге, караймын неге?
Карегим сизге кадалат жеңе.
Ак сүйүү болсо кечиктим беле,
Армандуу ишке кезиктим беле?
Жылмайып мени карап койсоңуз,
Сезиле берет сүйгөндөй эле.
Сүйгөндөй эле, сүйгөндөй эле,
Сиз мени сүйүп жүргөндөй жеңе.
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе,
Айталбайм эми, сүйүүмдү деле.
Ак жоолугуңду сыйлап жеңеке,
Алыс жүрөйүн, аттиң ай, жеңе.
Аттиң ай жеңе, аттиң ай, жеңе,
Арманда сыздайм сүбөйсүң неге?
Ыр менен сунам гүлүмдү жеңе.

Другие песни исполнителя:

  • Карагат кара көздөрүң, Катасыз тийген ок беле? Моминтип болдум ай, жарадар, Мумия дарың жок беле? Каалады жүрөк жактырды, Канткенде сени кыямын. Мен жалгыз, сен дагы жалгыз. Болоюн сенин ынагың. Карадым кара көздөрүң, Катасыз тийген ок беле? Жүрөгүм болду жарадар, Сүйүүгө дарың жок беле? Моминтип болдум жарадар, Мумия дарың жок беле?
  • Мен сага келемин айлуу кечте, Ортодо сүйүү бар го деймин бизде. Отуруп экөөбүз көпкө чейин, Кетчү элем мен кайра түн ичинде. Кайырма: Сүйөм деп мен сага айта албайм, Сүйөрүңдү бир өзүңдөн байкай албайм. Алтыным, жаныңдан чыккым келбей, Келген соң кайра мен кайта албай. Ох, жаным, сен мени ойлойсуңбу? Ойлосоң сүйөмүн деп койбойсуңбу? Эгерде дос балдар сөз кылышса, Ал менин сүйгөнүм деп коргойсуңбу? Кайырма: Ар кечте сагынам адатымча, Өзүңдөн сүрдөнөм неге мынча? Кыйнабай, жалооруп аяп койчу, Бул кечте сүйүүмдү айтам сага