Казахские песни Узбекские песни

Песня «Саламат жур»
исполнителя Асема.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаш кылгырат кирпигимди ирмесем,
Азап күтөм эгер түшкө кирбесең.
Мен шар суумун, кулагыңды тундурган,
Кантмек элем какшаганды билбесең?
Кайырма:
Саламат жүр табигаттан суранам,
Жетпесем да жеңиши,
Жетпесем да жеңиши,
Жеңиши жок убарам…
Сүйбө бирок, кол берүүдө эринден,
Какшык кошуп күлгөнүңө кубанам.
Жүрөт элем карааныңа жалынып,
Менде болсоң жүрөктөгү бурама.

Другие песни исполнителя:

  • Таң агарган таза сезимдей, Табиятта таттуу кыялым. Тартыламын эңсеп эркелей, Анын шамын көпкө учамын. Кайырма: Кыялымда айланамын, ааламга өзүм араналамын. Кыялдарга байланамын, кылыгын койбой назданамын. Теребелге термелемин, эркиме койбой термелемин. Кыялымда айланамын, кыяладарга байланамын. Аралаймын дүйнө тегиздей, Жүрөгүмдү ээлеп махабат. Кучагымда эргип эркелей, Бирге дайым таңым агарат.
  • Аялуу көңүл арзыган жандан муздады, Күтүүнүн эми бар деймин кимге кереги? Кеч күүгүм эле, жан кейип турар кысталып, Тыйынга турбай калгансыйт дүйнө кереги. Түн кирет, анан кареги мага кадалат, Өзүмө окшоп көңүлдөн жарык издеген. Жылдызым түшүп, бук болдум ызам тарабай, Туш болдум кайдан сезимге жаным түтпөгөн. Кайырма: Оорубайт денем, онтоосу ичте жүрөктүн, Ден-дароо болуп бир чекти тиктеп отурам. Айлампа турмуш ичтеги букту бийлеткин, Эртеңки күнүм кандайын билбей чочулайм. Ордумдан жылбайм асманда жылдыз толгондо, Көшөрөт сезим эрегиш таштап күчүнө. Булуттай көчөт үмүттүн жиби үзүлбөйт, Бук болгон кезде киресиң менин түшүмө. Кайырма: Ушундай сезим келет да кетет чочуду, Жылчыксыз болуп калгандай дүйнө караңгы.
  • Унутам сени! Убайга салган күн менен, Оюмдан үзөм, чачамын шуру сыңары. Өзүңдө мындай жеңилдик барын билбегем, Көпөлөк болгон көңүлдөн кеткис, ынагым! Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы. Тажадым күндөн төгүлүп гана келбеген, Суранбайм сенден жарыгын мага тийгиз деп. Жолумдан кеткин, тагдырдын менби эрмеги, Күмөндөр кылып, күйбөгөн отко күйгүзбө. Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы. Жетким да келбейт сөзүңдүн жалган-чынына, Сезилбейт андан сезимдин ысык жалыны. Иренжий түшүп, ачылган сенин сырыңа, Башканын көөнүн оорутуп алдым, жарыгым! Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы.