Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыялымда»
исполнителя Асема.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Таң агарган таза сезимдей,
Табиятта таттуу кыялым.
Тартыламын эңсеп эркелей,
Анын шамын көпкө учамын.
Кайырма:
Кыялымда айланамын, ааламга өзүм араналамын.
Кыялдарга байланамын, кылыгын койбой назданамын.
Теребелге термелемин, эркиме койбой термелемин.
Кыялымда айланамын, кыяладарга байланамын.
Аралаймын дүйнө тегиздей,
Жүрөгүмдү ээлеп махабат.
Кучагымда эргип эркелей,
Бирге дайым таңым агарат.

Другие песни исполнителя:

  • Унутам сени! Убайга салган күн менен, Оюмдан үзөм, чачамын шуру сыңары. Өзүңдө мындай жеңилдик барын билбегем, Көпөлөк болгон көңүлдөн кеткис, ынагым! Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы. Тажадым күндөн төгүлүп гана келбеген, Суранбайм сенден жарыгын мага тийгиз деп. Жолумдан кеткин, тагдырдын менби эрмеги, Күмөндөр кылып, күйбөгөн отко күйгүзбө. Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы. Жетким да келбейт сөзүңдүн жалган-чынына, Сезилбейт андан сезимдин ысык жалыны. Иренжий түшүп, ачылган сенин сырыңа, Башканын көөнүн оорутуп алдым, жарыгым! Кайырма: Кыйналып турам. Кыйнады мени сезимдер, Табылдың дагы түйшүккө сала баштадың. Бир гана жалын өчпөсө экен көзүңдөн, Күтүүсүз келген сезимдер кайда баштагы.
  • Отту кечип ойногон, Оюнга, ишке тойбогон. Оомал-төкмөл дүйнөнүн, Оош-кыйышын оңдогон. Ооргуп-баргып күч-кубат, Ооруу-сыркоо болбогон. Ошол кыргыз бий менен, Ойдолоктоп ойгоном. Кайырма: Эриндери бүлкүлдөп, Үкүлөрү үлпүлдөп. Кыздар бийлейт ийиктей, Ийиндери сүлкүлдөп. Карек күйгөн биликтей, Чарчаганды билишпей. Бийге дене жибитпей, Турган жигит жигитпи эй! Шамал менен жарышкан, Шам тилегин жагышкан. Шаан-шөөкөттүү кыргыз эл, Шаабайы аткан жарык таң. Шарактаган келин-кыз, Шайдоот жигит бери чык. Шай оогончо бийлейли, Шалкылдасын дене ысып. Кайырма: Бүткөн бойлор дүркүрөп, Жигит сүрү күркүрөп. Бийде кубат, күлкү көп, Бийле турбай мүңкүрөп. Бийле кары жаш дебей, Бийле кубат аз дебей. Бир келген бул өмүрдө, Бийлеп турган жакшы эмей.