Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйгонум»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сап-сап бир учкан таранчы,
Санын бузбай саначы.
Сан жигиттин ичинен,
Сүйгөнүм барбы карачы?
Топ-топ бир учкан таранчы,
Тобун бир бузбай саначы!
Топ жигиттин ичинен,
Сүйгөнүм барбы карачы?
Сап-сап бир учкан таранчы,
Санын бир бузса болбойбу?
Сан жигиттин ичинен,
Сүйгөнүм чыгып койбойбу.
Топ-топ бир учкан таранчы,
Тобун бузса болбойбу?
Топ жигиттин ичинен,
Сүйгөнүм чыгып койбойбу,
Сүйгөнүм чыкса болбойбу?

Другие песни исполнителя:

  • Шамдай жарык чачкан Таңдай аппак аткан Апаке өзүң барда ачык асман Кайырма: Тоодой каранымсың Тилек таянычым Апакем менин жалгыз айарымсың Апакебай бул дүйнөдө Барктап бааларымсың Апакем менин бакыт таалайымсың Самап саагынарым Күтүп сабыламын Менин жолум карап камынарым Бейпил турагымсың Мөлтүр булагымсың Апакем менин бийик уранымсың Ай Апакебай бул дүйнөдө барктап бааларымсың Апаке менин бакыт таалайымсың Чексиз берекемсиң Салкын көлөкөмсүң Асылым бейиш багым сен экенсиң
  • Кошулушуп эки жаш, Жуп болуптур, жар-жар. Кубанышып эл-журту, Кут конуптур, жар-жар. Толкуп келген мейманга, Той баштайбыз, жар-жар. Болушунча аянбай, Бой таштайбыз, жар-жар. Алтын ордо гүл бакча, Калаалуу бол, жар-жар. Артыңардан ээрчиген, Балалуу бол, жар-жар. Ак элечек колго алып, Ыргап жүргүн, жар-жар. Жакшы менен жаманды, Ылгап жүргүн, жар-жар. Асманда учсун куш болуп, Ак тилегиң, жар-жар. Ажырашпай бир жүрсүн, Ак билегиң, жар-жар. Баскан жериң дайыма, Гүлдүү болсун, жар-жар. Бүгүн курган жашооңор, Бүрдүү болсун, жар-жар. Ырыс алды — ынтымак, Билип жүргүн, жар-жар. Ата-энеге башыңды, Ийип жүргүн, жар-жар. Көлөкөлүү саябан, Бак болгула, жар-жар. Мөмөлөрү ийилген, Шак болгула, жар-жар. Кадыр көңүл табылбайт, Калыс болгун, жар-жар. Ушак менен айыңдан, Алыс болгун, жар-жар. Ак булуттай себилген, Кар болгула, жар-жар. Дайым ушул жашоодо, Бар болгула, жар-жар.