Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апакебайым»
исполнителя Назми.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Шамдай жарык чачкан
Таңдай аппак аткан
Апаке өзүң барда ачык асман

Кайырма:
Тоодой каранымсың
Тилек таянычым
Апакем менин жалгыз айарымсың
Апакебай бул дүйнөдө
Барктап бааларымсың
Апакем менин бакыт таалайымсың

Самап саагынарым
Күтүп сабыламын
Менин жолум карап камынарым
Бейпил турагымсың
Мөлтүр булагымсың
Апакем менин бийик уранымсың
Ай Апакебай бул дүйнөдө барктап бааларымсың
Апаке менин бакыт таалайымсың

Чексиз берекемсиң
Салкын көлөкөмсүң
Асылым бейиш багым сен экенсиң

Другие песни исполнителя:

  • Көктөм сайын сени эстеп,Куса болом, жүрөк дегдеп.Жазгы жамгыр менен кеткен,Көз алдымдан элес кетпейт.Кайырма:Коштошордо коомай кармап колдорумдан,Сен кургур ыйлай бердиң.Ошол жазга жетмек кайда, Кучагыма келчи кайра.Жолдорубуз эки болуп,Жолугушпай калдык эми.Жомок болуп кала берди,Өткөн сүйүү өчпөй деми.Кайырма:Жан дүйнөмө көктөм келди,Турам дагы эңсеп сени.Сагынычымды сага деген,Жеткирсе экен жаздын жели.Кайырма:
  • Кайырма: Жайдын бир кезинде, Адырлуу тоонун бетинде. Сан гүлдөн тандап үзгөн, Жайдары селки эсимде. Өзүмдү сага берем деп, Өмүрдүн гүлүн терем деп. Сүйлөшкөн күндөр эсте, Турмуштун сыры тереңдеп. Агарып таңдар аткан, Суюлуп жылдыз баткан. Калдыго бекен эсиңде, Кыйшпайбыз көз карашкан. Антыңды ойлоп таңда, Көңүлүм сенден дайыма. Азыркы шайыр жаштардын, Өзүңдөн болсун дайыма.