Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ошко сапар»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Баратабыз, багытыбыз Ош тарап,
Жаным секет, күттүң бекен жол карап.
Сапарымда неге сага шашылдым,
Куса болуп, жолугууну мен самап.
Кайырма:
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына баратамын Сузакта.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта.
Узун жолдо зымыраса мерседес,
Кыялымда тилеп келем жетсе тез.
Телефондун шыңгыр үнүн тындырбай,
Улам-улам жөнөтөсүң СМС.
Кайырма:
Күтчү жаным, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына келип калдым Куршабка.
Сагынычтар көкүрөккө толдубу,
Жаным секет, тосуп алчы Фуркатта.
Сапарыбыз эч бир койду арбыбай,
Айдоочу да өчөштүбү шашылбай.
Келатабыз Отуз-Адыр аралап,
Артта калып Жны-Аргы, Садырбай.
Кайырма:
Кантем анан, Бишкек жолу узак да,
Мына-мына келип калдым Фуркатка.
Кусалыктар көкүрөккө толдубу,
Сүйүү кушу сени издей учат да.
Сени дегдеп, самап келдим узактан,
Мына-мына жолугуштук Фуркаттан.
Тараганча бизде болгон кусалык,
Жаным, эми чыгарбаймын кучактан.

Другие песни исполнителя:

  • Бөлүшөм досум кайгыңды, Азаптуу күндө калдыңбы, Кан жутуп турсаң, кайгырып, Кантейин каргайм тагдырды. Иий, оо-ээй, тагдырды, тагдырды… Кайырма: Сенин энең, менин энем, Кимге канча өмүр берген Ыйлабачы эми досум, Кайрат кылчы ыйлай бербей, Энесинен айрылгандан, Эх, досум жалгыз белең сен, Бул дүйнөдө жалгыз белең сен. Боору таш ажал сордубу, Оо, досум көрбөй тоюңду. Энекең кетти оо, дүйнө Кара жер эми тойдубу. Иий, оо-ээй, тойдубу, тойдубу… Кайырма: Сенин энең, менин энем, Кимге канча өмүр берген Ыйлабачы эми досум, Кайрат кылчы ыйлай бербей, Энесинен айрылгандай, Эх, досум жалгыз белең сен, Бул дүйнөдө жалгыз белең сен.
  • Төрөлгөнсүң бөлөнгөнсүң Ак бешикке ыңалап Тай-тай бастың Кас-кас бастың Көлөкөңдү кубалап Күндөр өттү Мезгил өттү Бой жетилдиң сен дагы Үйго бастың көчо бастың Бойдокчулук бул адат Күндөрүңдү өткөрбө Көбүн бекерге А өмүр өтүп жаткан Узун паровоз Курандан бир аяттын Таасири менен Суу ташысам Минип водовоз Кор болгонсуң Зор болгонсуң Жашоо өзү камчылайт Муш бергенсиң Муш жегенсиң Кээде көчө сындырат Ач болгонсуң Ток болгонсуң Өйдө — ылдый болот да Шоктонгонсуң Токтолгонсуң Эми жаша кылдырап Эркек болсоң Баардык эл сүйөт Эркек болсоң Сулуу кыз сүйөт Алдангансың Алдангансың Балким ошол керек да Дос болгонсуң Кас болгонсуң Болбос нерсе себеб да Жаштык өттү жалын өчтү Жаша эми кылдырап Жакшысыңбы Жамансыңбы Жашоо өзү элек да Күндөрүңдү өткөрбө Көбүн бекерге А өмүр өтуп жаткан Узун паровоз Ыймандан бир хадистин Таасири менен Суу ташысам Минип водовоз
  • Оо менин Чолпонум Күтөм сени дайыма Түбөлүктүү ыр болуп Жүрөктө эле калдың да Кайырма: Оо менин Чолпонум Бир өзүңдү сүйгөнмүн Сүйүп жүрүп жете албай Не кылайын сүйгөнүм Кечиндеси келчи элем Терезеңди чертчи элем Жаным мени көргөндө Күлүп жайнап чыкчу элең Таанышкан күн эсиңдеби Алма бакта бир жүрүп Көргөндө эле арбалыпмын Көздөрүңдү мен сүйүп
  • Жаштык, мастык, кимдер жаңылбас, Өттү күндөр кайра кайрылбас. Ошол тагдыр, аттиң, кайда экен? Баласынан бөлүп айрыбас… Кайырма: Амансыңбы, балам, шириним? Өмүрдөгү жашоо билигим. Ажыратты бизди бул тагдыр, Эми сага чоочун кишимин. Издеп келдим бүгүн, каралдым, Неге мынча чоочуп карадың? “Ата” деген сөзүң уга албай, Акылымдан кетип барамын. Кайырма: Дагы канча азап саласың? Баары өтөр, мезгил, шамалсың, Акыл берсе сага, каралдым, Ата Журтуң издеп табарсың. Кайырма:
  • Стамбул Стамбул Стамбул Стамбул Таңды тосдум деңиз жээгинде Убада маселе сүйгөн маселе Азыр да эсимде эсимде Гаремдин четинде Жаныңда дос эле сапарга кошо эле Керемет таң атты Сыр катат кыз Гуле Бейкапар турасың Стамбул Стамбул Жүрөктүн жарасын козгодуң Стамбул Стамбул Стамбул Сыдырым жел Жүрсө бейкапар Деңиз бетинде Ак чардак учат Стамбул Стамбул Бейкапар турасың Жашоо бир келет бир эле жолу Мындай сүйүүлөр сенде миң жолу Стамбул Стамбул Бейкапар турасың Стамбул Стамбул Жагымдуу сезимдер Жомоктой элестер Калтырдың Стамбул Арзуунун мекени Буюрса келемин Стамбул Стамбул Кылымдар жашадык Үйүмө кайтайын Стамбул Стамбул Бир арзуу Стамбул Келемин Стамбул