Казахские песни Узбекские песни

Песня «Балама»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаштык, мастык, кимдер жаңылбас,
Өттү күндөр кайра кайрылбас.
Ошол тагдыр, аттиң, кайда экен?
Баласынан бөлүп айрыбас…
Кайырма:
Амансыңбы, балам, шириним?
Өмүрдөгү жашоо билигим.
Ажыратты бизди бул тагдыр,
Эми сага чоочун кишимин.
Издеп келдим бүгүн, каралдым,
Неге мынча чоочуп карадың?
“Ата” деген сөзүң уга албай,
Акылымдан кетип барамын.
Кайырма:
Дагы канча азап саласың?
Баары өтөр, мезгил, шамалсың,
Акыл берсе сага, каралдым,
Ата Журтуң издеп табарсың.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Билбесең ак сүйүүмдү, Не кылам сунуп гүлүмдү Сагынып келдим эле, Көрсөм деп, көрсөм деп Айдай жүзүңдү Сагынып келдим эле, Уксам деп, уксам деп Иииий шыңгыр күлкүңдү Кусанын өттү азабы, Жүзүмдүн өчүп ажары Кездешпей кетет экем да, Алыстан, алыстан келсем атайын Жолукпай кетет экем да, Алыстан, алыстан Иииий келсем атайын Алыстан келдим жол журуп Айлыңдын итин урдуруп Келсем бир гана чыкпайсың Адамдын, адамдын ичин куйдуруп Келсем бир гана чыкпайсың Адамдын, адамдын, Иииий ичин күйдүрүп.
  • Сыртта жамгыр, биз экөөбүз кафеде, Сыр чечише көпкө отурдук бул жерде. Назданасың, жерди карап сөз айтып, Жезде дейсиң, андай дебе, байке де. Кайырма: Ширин, ширин сөзүңдөн, Жылдыз жанат көзүңдөн. Сылап, сылап алгым келди, Чачтарыңдан өрүлгөн. Сүйүү деңиз, биз экөөбүз кемеде, Жүрөгүмдү туйлатасың эмне эле? Отун жактың сезимдерге сүйүүнүн, Болду эми, жигитиңди кел дебе. Кайырма:
  • Айтып бүткүс жер сууларын, Кереметсиң Кыргызстаным! Өмүр таңым, киндик каным, Ата-журтум, Кыргызстаным! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Эч бир жерге алмашпасым, Сүйүп тойбойм Кыргызстаным! Зоолоруңду тоолоруңду, Коргоп алаар жасоолуңмун! Мекенимди, эл-жеримди, Коргоп алаар жоокериңмин! Кызматым эл үчүн, Ала-Тоо жер үчүн, Төрөлгөм мекен үчүн Баатырыңмын кайтпасыңмын Сактай алаар сарбазыңмын Мекенимди эл жеримди Коргой алаар жоокериңмин Коргой алаар аскериңмин
  • Чайпалып тогулбогон, Чачылып болунбогон . Жашоодо адам барбы , Эч качан окунбогон. Аткан тан эскирет да, Ай толуп кеч кирет да. Адамдын кадырын ээ, Адамдар кеч билет да. Бирого ийилбеген конулу тилинбеген , Омурдо адам барбы ызасы билинбеген. Кун чыкса жадырайт да, Кун гулго чагылат да . Адамдын конулун ээ , Адамдар орутат да. Аяган конулдорду кээ биролор дарылайт да. Жаштыгын жалындаган, Жашынса табылбаган . Жашоодо адам барбы , Жаш кезин сагынбаган. А омур бир келет да Ырдаса иргелет да. Адамдын кадырын ээ Адамдар кеч билет да. Кун чыкса жадырайт да Кун гулго чагылат да. Аяган конулдорду Кээ бироо дарылайт да. Арнаган сезимдерди ии Гулдотуп дарылайт да.
  • Эшик ачык какпай конгуроо, Ээ, салам айтып келди отуз беш. Тубөлүккө эми коштоштум, Отуз төртүм эми кайыр кош. Сүйүнсөң деле күйүнсөң деле, Өтөөр экен бул турмуш. Ыйласаң деле жыргасаң деле, Өтөөр экен бул турмуш. Убакыттын алып эсебин, Ээ, ар бир адам сезип туябы. Берекесин ар бир күнүмдүн, Берсе экен деп тилейм Кудайым. Ойносоң деле ойлонсоң деле, Өтөөр экен бул турмуш. Уктасаң деле чуркасаң деле, Өтөөр экен бул турмуш. Ден-соолуктан айырба, Шүгүр кылып баарына. Максат коюп жашап алдыга. Ээ, бир тууганым келчи деп, Сүйлөшөлү жалан жакшы кеп. Канча жашоо калды ким билет. Сагынсан деле табышсан деле, Өтөөр экен бул турмуш. Сүйүшсөң деле күтүшсөң деле, Өтөөр экен бул турмуш. Ден-соолуктан айырба, Шугур кылып баарына. Максат коюп жашап алдыга. Ээ, бир тууганым келчи деп, Суйлошолу жалан жакшы кеп. Канча жашоо калды ким билет.