Казахские песни Узбекские песни

Песня «Агенттеги махабат»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Биз агенттен таанышканбыз жаңы эле,
Тизмегимде сендей кыздар аз эле.
Күнү-түнү тажабай, күнү-түнү тажабай,
Биздин сөздөр бүтпөй келет дагы эле.
Кайырма:
Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
СМСке бир да жооп ала албайм,
Анда эмесе блогумдан жазайын.
Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым…
Ооба, селки, болом дейсиң Нарындан,
Бирок сени көрбөгөнмүн, тааныбайм.
Бирде калат жазылып, кээде калат жашынып,
Мүнөзүң бар тамашага таарынган.
Кайырма:
Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
Тажабастан сүйүү сөзүн жазышып,
Макул болчу жолугууга барайын.
Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым?
Тосуп алчы жолугууга барайын…
Бүгүн неге капалуусуң, каралдым?
Ачып көрүп статусуң карадым.
СМСке дагы жооп ала албайм,
Анда эмесе блогумдан жазайын.
Бүгүн неге жүрөк турат, каралдым?
Макул десең жолугууга барайын…

Другие песни исполнителя:

  • Жаныма кубат элең, канат элең, Өзүңчү эч түгөнгүс санат элең. Сагындым ал күндөрдү, оо, таене, Зерикпей жомогуңду айтат элең. Кайырма: Таене айтып берчи жомогуңду, Таене сагындым го кошогуңду. Теңирден күн-түн тилейт элең, Жетилер азамат болорумду, Таене айтып берчи жомогуңду. Чоңоюп эр-азамат болорумду. Таенем намысыңа суктанамын, Кажыбас кайратыңан күч аламын. Эскерүү айтып күндө досторума, Өзүңдү өмүр бою туу тутамын
  • Жубайыма же койсомбу айтып чынымды, Угуп алгын эртең кеч го азыр ырымды. Акыр бир күн билинер, Канча жүрөм катып сырымды. Кайырма: Бир күн Бишкек, бир күн Ош, Жинди болуп каламбы? Колду шилтеп баарына мен Ошко кетип каламбы? Тентип кетем жетелеп, Али жашсың эркелеп. Эзип бүттүң го, Жубайымды такыр чанамбы. Биротоло Ошто каламбы? Өкүмдарым дейсиң мени, Хюрремим менин. Сен түбүмө жетесиң го, Күйдүрдүң мени, күйдүрбө мени. Атың өчкүр, сүйүү а, Аста-секин алабы кегин. Кайырма: Атың өчкүр, сүйүү а, Мына ушинтип алабы кегин Бир күн Бишкек, бир күн Ош, Жинди болуп каламбы? Колду шилтеп кайра эле мен, Чүйгө кетип каламбы? Тентип кетем жетелеп, Али жашсың эркелеп. Билип бүттүм го, Жубайымды дагы чанамбы? Кайра эле Ошко барамбы?
  • Кат жаздым жан адамга окутпадым, Болду эми жүрөгүмдү оорутпагын. Сүйүүдөн көңүл калды, сенден дагы, Кайрадан күлүмсүрөп жолукпагын. Кайырма: Сага да, махабатка таарынамын, Бактылуу күндөрүмдү сагынамын. Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп, Бир тамчы көз жашыма арзыбадың. Мен сага алданыпмын, алданыпмын, Бал ширин сөздөрүңө арбалыпмын. Ыйык деп махабатты, сени дагы, Ишенип бир өзүңө байланыпмын. Кайырма: Сага да, махабатка таарынамын, Бактылуу күндөрүмдү сагынамын. Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп, Бир тамчы көз жашыма арзыбадың. Көңүлсүз күндөр өттү, күндөр өттү, Жүрөктө сага деген сезим өчтү. Кирпикке жашыра албай тамчыларым, Каректер жамгыр сымал жашын төктү
  • Жаралдың кайдан өмүргө, Жараткан барбы көңүлдө. Тирүүлүк жолун улаган, Ырдайлы өмүр чөлүндө. Төгүлбө өмүр төгүлбө, Ар күнү ойно төрүмдө. Жүз жылга жете жашайлы, Буюрсун аны көрүүгө. Кайырма: Жакшыдан жашыл бак калып Жамандан жүрөк так калып Мезгилдин улам төрүнө Барабыз чогу акканы Жараткан берген белеги Денеме өмүр шериги Сен барда жыргап жашайлы Бир күнү таштап кетериң Мезгилиң жетсе кезекке Турарсың бир күн бекетте Берген го өтө жакшылык Өмүргө ошол береке
  • Сүйүү отун өчүрбө, Жүрөсүң сен көңүлдө. Таарынбастан, секелегим, Шерик болчу өмүргө. Кайырма: Таарынбачы, таарынба, Жакшы күндөр алдыда. Келин болчу түбөлүккө, Мен чоңойгон айылга. Бой көтөрүп керилип, Терс бурулба телмирип. Таарынычың жаза албай, Жүдөп бүттүм эзилип. Кайырма: Эркем, эркем, эркем, ай, Эркелетер бекем, ай? Өзүң менен түбөлүккө, Өмүр сүрөр бекем, ай? Таарынбачы, таарынба, Жакшы күндөр алдыда. Келин болчу түбөлүккө, Мен чоңойгон Аксыга.