Казахские песни Узбекские песни

Песня «Көз жаш»
исполнителя Гулжигит Сатыбеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кат жаздым жан адамга окутпадым,
Болду эми жүрөгүмдү оорутпагын.
Сүйүүдөн көңүл калды, сенден дагы,
Кайрадан күлүмсүрөп жолукпагын.
Кайырма:
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың.
Мен сага алданыпмын, алданыпмын,
Бал ширин сөздөрүңө арбалыпмын.
Ыйык деп махабатты, сени дагы,
Ишенип бир өзүңө байланыпмын.
Кайырма:
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың.
Көңүлсүз күндөр өттү, күндөр өттү,
Жүрөктө сага деген сезим өчтү.
Кирпикке жашыра албай тамчыларым,
Каректер жамгыр сымал жашын төктү

Другие песни исполнителя:

  • Кайнилерге азил айткан жеңелер Суранайын бүгүн ырдап берсеңер Кел жеңелер чогу ырдап бийлейли Кызганбаса биздин акелер Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун Ичкениңиз Памир чай болсун Келечекте балдарыңыз мингени Жоргологон кашка тай болсун Тамашакөй шайыр мүнөз жеңелер Качан болсо эрмек болот кайниңер Ыраазымын чын жүрөктөн баарыңа Ыза кылып тергеп келдиңер Ай жеңеке кадырыңыз чал болсун Көңүлдөрдө шаттык жаз болсун Айттырбастан конок келсе үйүңө Тамак эмес кабак каш болсун Бактыңарга аман болсун акелер Жашагыла чогу карып жеңелер Жамандыктар бизден кетип алыска Кайгы капа убай жебеңер
  • Бүгүн неге жашым төктүм да, Ой көлүнөн чыкпай чөктүм да. Мээримиңе такыр бөлөнбөй, Ата, сизди көрбөй өстүм да. Жүрөгүмө толгон кусалык, Ошол үчүн ыйлайм, өксүйм да. Кайырма: Бул азаптар мени кыйнады, Таба аламбы издеп атамды? Кусалыктар мени кыйнады, Таба аламбы издеп атамды? Шылтап коюп баарын тагдырга, Бири-бириңден өчүң алдың да. Наристе элем, күнөөм жок эле, Ошол үчүн өксүйм, жашыйм да. Көөдөнүмө толгон кусалык, Эх, атаке, көрбөй өстүм да… Бул азаптар мени кыйнады, Таба аламбы издеп атамды? Сагынычтар мени кыйнады, Таба аламбы издеп атамды? Бул азаптар, сагынычтар мени кыйнады, Таба аламбы издеп атамды? Кусалыктар, ызалыктар мени кыйнады, Таба аламбы издеп атамды? Айыктырып жүрөк жарамды…
  • Биз агенттен таанышканбыз жаңы эле, Тизмегимде сендей кыздар аз эле. Күнү-түнү тажабай, күнү-түнү тажабай, Биздин сөздөр бүтпөй келет дагы эле. Кайырма: Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. СМСке бир да жооп ала албайм, Анда эмесе блогумдан жазайын. Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым… Ооба, селки, болом дейсиң Нарындан, Бирок сени көрбөгөнмүн, тааныбайм. Бирде калат жазылып, кээде калат жашынып, Мүнөзүң бар тамашага таарынган. Кайырма: Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. Тажабастан сүйүү сөзүн жазышып, Макул болчу жолугууга барайын. Бүгүн неге бактылуусуң, каралдым? Тосуп алчы жолугууга барайын… Бүгүн неге капалуусуң, каралдым? Ачып көрүп статусуң карадым. СМСке дагы жооп ала албайм, Анда эмесе блогумдан жазайын. Бүгүн неге жүрөк турат, каралдым? Макул десең жолугууга барайын…
  • Бүгүн кечке барам жолугалы Жок жок жок жок кереги жок Сыр чечишип түнү олтуралык Ийгиликтин эртеңи жок Неге бардың ага жолукпачы Жок жок жок жок барганым жок Жүрөгүмдү эзип оорутпачы Ишен жаным башка ардагым жок Кайырма: Кызганасың кызганамын Таарынасың таарынамын Эми сага эми мага Не кыламын не кыламын Барайынбы гүлүмдү колума алып Жок жок жок жок кереги жок Сагындым го жаным жолугалы Кыздарың көп эсеби жок Мен ишенип сага сүйүп жүрөм Жок жок жок жок алдабачы Узатып сени күтүп жүрөм Менден башка жигит карабачы