Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кызга тилек»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сайраган булбул тилиндей, Көшүтүп көзгө илинбей. Жаш кезиң өтөт турбайбы. Жадырап-жайнап билинбей. Селкилер менен алышып, Бозойлор менен жарышып. Жүргөн кез түшсө эсиме, Жүрөгүм кетет сайышып. Чечедей болуп кадала, Чыкпайт го ал кез санаада. Чачымды бурул басса да, Картайтпайт мени замана.
  • Өзүңдү сүйгөн күнөөмбү? Өрттөндүм, аргам түгөндү. Ашыктык гүлү ачылсын, Жүрөккө сепчи үрөндү. Өкүнүп улам тездеши, Өмүр ал учкул кез дечи. Жазыксыз сүйүп калганга, Касыңдай мени эзбечи. Адамда ар сыр, кыял бар, Айталбайт аны уяңдар. Өчпөгөн көңүл чолпону, Өзүңө мендей улан зар. Дартыңды ачуу далалат, Даба тап, сүйүүм аманат. Суу бүркүп үмүт отуна, Жүрөктү кетпе жаралап.
  • Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын, Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын. Жаз жадырап, мен турамын сумсайып, Жазда неге келбей койдуң, кымбатым? Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым. Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын, Жай чыгарып табигаттын сымбатын. Жер жапжашыл, менин өңүм керсары, Жайда неге келбей койдуң, кымбатым? Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым. Дарак тагып түркүн мөмө сыргасын, Суктандырды адамдардын кыйласын. Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө, Күздө неге келбей койдуң, кымбатым? Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым. Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын, Эзилишип, элжирешип жыргасын. Керемет бар сенде кышты жай кылар, Келчи, келчи, кыш чилдеде, кымбатым. Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.