Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кымбатым»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.
Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.
Дарак тагып түркүн мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласын.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.
Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын,
Эзилишип, элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи, келчи, кыш чилдеде, кымбатым.
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.

Другие песни исполнителя:

  • Сенден чыккан нурга дүйнөм оронот Сен болбосоң өмүр бекер коромок Куш сыяктуу канат күүлөп бийиктеп Жүрөк учат жүрөк учат оболоп Баткан күнөөлөргө башыман Сууруп чыктың сорма дүйнө сазынан Биз келгендер тамчы болсо бир эле А сен билген чексиз мухит казынан Өтсөм экен жолун менен бир демде Өзгөрбөстөн өкчөлбөстөн ирмемге Бакытымды үмүтүмдөн көрсөм деп Бакыт тоосун илип кеттиң бул жерге Пайгамбарым чырагысың дүйнөмдүн Урматына жаркып чыгат күлгон күн Өзүң берген осуятың туу кылып Кантип өмүр сүрүү керек үйрөндүм Сен билгенди кыйын бизге билдиктеш Оюн менен болсок экен бирдиктеш Жараткандын улуулугун карачы Жер жузуно кылган сени киндиктеш Сени билүү сооптун көзүн тапканын Калгасындай акыйкаттын ак таңын Ар кадамын жүрөгүмө бастырып Таазим кылып арнайм сага жазганын