Казахские песни Узбекские песни

Песня «Учат журок»
исполнителя Айпери Кулбаева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сенден чыккан нурга дүйнөм оронот
Сен болбосоң өмүр бекер коромок
Куш сыяктуу канат күүлөп бийиктеп
Жүрөк учат жүрөк учат оболоп

Баткан күнөөлөргө башыман
Сууруп чыктың сорма дүйнө сазынан
Биз келгендер тамчы болсо бир эле
А сен билген чексиз мухит казынан
Өтсөм экен жолун менен бир демде
Өзгөрбөстөн өкчөлбөстөн ирмемге
Бакытымды үмүтүмдөн көрсөм деп
Бакыт тоосун илип кеттиң бул жерге

Пайгамбарым чырагысың дүйнөмдүн
Урматына жаркып чыгат күлгон күн
Өзүң берген осуятың туу кылып
Кантип өмүр сүрүү керек үйрөндүм

Сен билгенди кыйын бизге билдиктеш
Оюн менен болсок экен бирдиктеш
Жараткандын улуулугун карачы
Жер жузуно кылган сени киндиктеш

Сени билүү сооптун көзүн тапканын
Калгасындай акыйкаттын ак таңын
Ар кадамын жүрөгүмө бастырып
Таазим кылып арнайм сага жазганын

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Издейм сени арасынан элдердин, Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин. Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин. Тиктейм сени тизмегинен элдердин, Бактарынан бардык кооз жерлердин. Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң, Мен ааламга, мен ааламга. Дайым сен деп, кайгырууга, Кайгырууга келгенмин. Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң? Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум. Кышта калган жалбырактын өңүндөй, Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп, Азууда ден, азууда ден соолугум. Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң? Мынча мени алоолонтуп ойнодуң? Балким, ушул зор бактынын өзүдүр, Өмүр бою, өмүр бою издеттирип, Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң
  • Жар бойлоп, чие тапса, санап жешкен, Жаш кезде шоктук кылып, таяк жешкен. Таппаймын берер дүйнө досторума, Тандашып, жакшы кызды «аяш» дешкен. Кайырма: Досторум, ыйманга жол салгылачы, Досторум, эл деп күйүп, жангылачы Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар, Өзүңөр ушул бойдон калгылачы. Сүрөшкөн, күлүк болсом жарыштагы, Таптаган, саяпкерим алыстагы. Сезилет силер менен чечилчүдөй, Досторум, турмушумдун табышмагы. Кайырма: Мен азыр арзуу, үмүт ынагымын, Сүйүүнүн берипсиңер гүл азыгын Силердей асылдарга кошконуна, Миң ирет жаратканга ыраазымын.